Menu

Видео -Үйүнө келген кызды өлтүрүп өз короосуна көмүп койгон

Бөлүшүү:

23-ноябрь күнү саат 15-30 чамасында, Жалал-Абад областы боюнча транспорттук ИИБнүн кызматкерлери тарабынан ушул жылдын октябрь айынын орто ченинде түнкү саат 01-00 чамасында, Жалал-Абад шаарынын (Дача) Загорная көчөсүнүн 1999-ж.т. Ю.Юнун үйүнө келген 22 жаштагы кыз таанышын мойнунан муунтуп өлтүрүп, өзү жашаган үйдүн короосуна 60-70см тереңдикте жерди казып көмүп койгондугу аныкталды.

Окуя болгон жерге Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу чыгышып, тийешелүү материалдар чогултулуп жана экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлдү.

Кылмыш иши боюнча текшерүү иштеринин жүрүшүндө, Жалал-Абад шаарынын Загорная көчөсүнүн тургуну Ю.Ю өзүнүн көрсөтмөсүндө, 2017-жылдын октябрь айынын орто ченинде түнкү саат 01-00 чамасында үйүнө издеп келген Пери аттуу тааныш кызы “мага 8000сом акча бер, болбосо мени зордуктадың деп, милицияга арызданам” деп айткандыктан коркуп, колу менен мойнунан муунтуп, өлтүрүп койдум деп көрсөтмө берген.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Кыздын өздүгү такталды. (Кай жердиги, аты жону айтылбастыгын туура көрүлүүдө)

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: