Кыргызстанды Швейцарияга айландырмакчы болгон Аскар Акаевдин заманынан бери үлкөн кызматтарга кенедей жармашып түшпөй келе жаткан Аскар Шадиев деген бар. Жогорку Кеңештин бир нече жолку чакырылышынын депутаты, губернатор, министр болду.
Бирок эл үчүн көзгө көрүнөөрлүк иш кылган жок. Мамлекетке, элге кылган жакшылыгы Үзөнгү- Куушту кытайларга, Каркыраны казактарга карматканга салым кошту. Эми болсо Толкунбек Абдыгуловдун ордуна биринчи вице-премьер министр болом деп чуркап жатат.
Деги бул жигиттин кайсы бийлик болсун самындай жылмышып кирип кеткен чеберчилиги менен асманды чапчыган дымагында чек жок экен. Буга дейре Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр болом деп жаңылышкан. “Бир Бол” фракциясындагы “сагызгандан сак, анан сугу” эле ушул окшойт. Кыргызда “сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт” деген макал бар эле. Бир аз напсини тыйсаңыз кантет?..
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ