Чүй облусунун Аламүдүн районунда 2017-жылдын 23-ноябрында саат 15:15 чамасында Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн Теплые Ключи эс алуу жайынын түштүк чыгыш тарабында тоонун чокусунда болжол менен 15га аянтта куураган чөп жана арчалар күйүп баштаган. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Аламүдүн райондук №1 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 8 куткаруучу КР ӨКМнин Аламүдүн райондук бөлүмүнүн башчысы жана токой чарбасынын кызматкерлери тартылды. Тоодо күйүп жаткан куураган чөптү өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, түн киргендигине байланыштуу өрттү өчүрүү иштери саат 20:10до убактылуу токтотулду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ