“Насаат Медиа” Ислам порталы YouTube видеохостингинин «күмүш баскычына» ээ болду. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов аталган сыйлык өлкөбүздөгү динге болгон эркиндиктин, сөз эркиндигинин бар экендигин айтып, Ислам дининин баалуулуктарын коомчулукка жетип жаткандыгын баса белгиледи. Муну менен катар дин аалымы бул сыйлык жалпы мусулмандардын сыйлыгы экмндигине токтолуп, мамлекетибизге, эли-журтубузга тынчтык, амандык жана бакубат жашоо тиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ