Бүгүн, 23-ноябрда Баткен шаарында облустук казыятын базасында жаштарга орус, ангилис, араб тилдерин жана компьютерге, тигүүчүлүккө үйрөтүүчү окуу борбору ачылып, Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын президенти Саид Баюми, Сауд Араб өлкөсүнүн Кыргызстандагы консулу Абдуллах Арруийсий, КРдин Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова, Баткен облусунун казысы Муса ажы Жолдошовдун жана жергиликтүү жашоочулар менен студенттердин катышуусунда ишке берилди.
Окуу борбор заманбап техникалык каражаттар менен жабдылып, Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын колдоосу, Сауд Арабия Падышачылыгынын каржылоосу менен ишке ашырылган. Ал эми жаштарга ар кыл тармакты үйрөтүүчү окуу борборунун ачылышына келген коноктор борбор жаштардын ар тараптуу өнүгүсүнө салым кошуу менен билимдүү, ыймандуу келечек муунду тарбиялоочу мекеме болусуна тилектеш экендиктерин билдиришти. Ал эми облус казысы Муса ажы Жолдошов өз сөзүндө билим алуу аркылуу жаштар ары зирек, ары зээндүү болуп, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошушмакчы.
“Жаштар борборлорун уюштуруп, аларга колдоо көрсөтүү учурдун талабы. Ыймандуу, билимдүү жаш муундун өкүлдөрүн өнүктүрүүгө багыт берүү керек”-дейт облус казысы Муса ажы Жолдошов.
Облустук казыяттын базасында ачылган орус, ангилис, араб тилдерин жана компьютер, тигүүчүлүккө үйрөтүүчү окуу борборуна сабак өтүлүүчү 6 класс ачылып, билим алуучу жаштарга бардык шарттар түзүлүп берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ