24-ноябрда Жети-Өгүз айылында жаңыланган айылдык милиция бөлүмчөсүнүн расмий ачылыш аземи өткөрүлдү. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Аталган салтанат Жети-Өгүз РИИБнө капиталдык курулуштан өткөн бөлүмчөнү өткөрүп берүү боюнча кол коюушуу, лента кесүү, белектерди тапшыруу иш-чарасы менен коштолду. Жети-Өгүз айылында айылдык милиция бөлүмчөсүн жаңыланган курулушу Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын жана Өкмөттүн «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо чаралары жөнүндө» токтомунун талаптарын иш-жүзүнө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМи менен БУУнун баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын биргелешкен иш- аракеттеринин алкагында жүргүзүлгөн. Курулуш иштерин жүргүзүүгө БУУнун БКБы тарабынан 1 миллион сомдон ашык акча каражаты бөлүнүп берилсе, бөлүмчөсүнүн жылытуу системасын орнотууга Жети-Өгүз айыл өкмөтүнөн 200 миң сом, ал эми куруучулардын аткарган ишине ички иштер министрлиги 500 миң сом акча каражаттарын бөлүп беришкен. Салтанаттын акырында Ысык-Көл ОИИБи тарабынан курулушка активдүү салымдарын кошушкан бир катар адамдар сыйланса, Жети-Өгүз райондук администрациясы тарабынан АМБнүн кызматкерлерине жакынкы арада кызматтык автоунаасын тапшырарын белгилеп кетишти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ