Menu

Жалал-Абаддык Москвада иштеген жаштар мектептин спорт залын ремонттоп беришти

Бөлүшүү:

Кечээ, 24-ноябрда Сузак районунун Курманбек айыл аймагына караштуу Калмак-Кырчын айылында жараксыз абалга келип калган  мектептин спорт залынын капиталдык ремонттон кийинки салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Калмак-Кырчын айылындагы №17 Орозалы Тажибаев атындагы орто мектептин жараксыз абалга келип калган спорт залын Россия Федерациясынын борбору Москва шаарында иштеп жатышкан Калмак-Кырчын жана Сары-Булак айылдарынын жаштары өз каражаттарынын эсебинен сапаттуу бүткөрүп беришти. Мектептин спорт залын капиталдык ремонттон чыгарууга эмгек миграциясында сыртта жүрүшкөн айылдын жаштары тарабынан 1 млн. 572 367 сом каражат жумшалды. Август айында башталган ремонттоо жумуштары ноябрь айында бүткөрүлдү.

Калмак-Кырчын айылындагы мектептин спорт залынын капиталдык ремонттон кийин пайдаланууга берүү иш чарасына ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев, Сузак райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Бечелов, айылдын жашоочулары менен ата-энелер жана мугалимдер менен окуучулар катышты. Облустук жана райондук бийликтин башчылары спорт залды капиталдык ремонттоодон чыгарып, кайрадан ишке киргизүүгө омоктуу салымдарын кошушкан Москва шаарында иштеп жатышкан Калмак-Кырчын жана Сары-Булак айылдарынын жаштарына терең ыраазычылыктарын билдиришип, алардын мекенден сырткары жердеги жоопттуу жана түйшүктүү иштерине чын дилдеринен ийгиликтерди каалашты. Калмак-Кырчын айылынын аксакалдар кеңешинин төрагасы Төлөн Садыков Москвада иштеп жатышкан жүздөгөн жаштарга айылдын жашоочуларынын атынан ак батасын берди.

Ал эми Москвада иштеп жатышкан жаштардын атынан бүгүнкү салтанатка катышкан Арстанбек Бечелов менен Марат Маматов сырт жакта иштеп жатышкан мекендештердин жылуу саламын жердештерине жеткирип, мектеп окуучуларына болсо терең билим алууларына тилектеш экендиктерин билдиришти. Россияда иштеп жатышкан жаштардын көбү бир кезде ушул мектепте билим алышып, чоң турмуш жолуна сапар тартып кетишкен. 2008-жылы Москвада иштеген “Калмак-Кырчын” фондунун жаштары айылга 2 млн. сомго жума намазы окулуучу мечитти дагы садып беришкен. Мектеп окуучулары тарабынан бүгүнкү салтанаттуу иш чаранын катышуучуларына чакан программадагы концерт тартуулашты. Калмак-Кырчын айылындагы №17 Орозалы Тажибаев атындагы орто мектепте 26 мугалим эмгектенип, 303 окуучулар терең билим жана  татыктуу таалим-тарбия алып жатышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: