Акылбек Жапаров деген экономиканы эзген, тыйынды катыра санаган акылдуу инсаныбыз бар. Аны көпчүлүк “Сакадай бою сары алтын” же болбосо “Акылбектин акылы кырк эшекке жүк” деп жогору баалашат. Кыйын экономистти эч кимге алданбайт деп жүргөндөр катуу жаңылышат. Акылбек да алданат экен. Аны ким алдап жүрөт деп таң калуунун деле кереги жок. Акылы кырк эшекке жүк болгон Акылбекти Алмазбек Атамбаев өзү алдап кеткени чындык дейт. Өткөн парламенттик шайлоо учурунда Акылбек Жапаров алгач Өмүрбек Текебаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн көпчүлүк билет. Ошол учурда эле Атамбаев-Текебаев тиреши башталган эмес беле. Кийин Жапаров “Бир Болго” кошулган. Атамбаев Жапаровду чакырып алып “Акыбай, өзүң акылдуусуң да. Шайлоого “Бир Бол” менен аттана бер. Сен менин тушумда Өкмөт башчы же президенттик администрацияны жетектейсиң” деп далыга таптайт. Шайлоо бүткөндөн кийин не болду? Өкмөт башчысы же администрацияны жетектей турган адамга кылмыш иши козголду. Кызмат акылдууну да эстен тандырат деген ушул экен да.
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ