Menu

Кадрдык өзгөрүү таасир талаштын белгиси эмеспи?

Бөлүшүү:

Өкмөттө акыркы күндөрү күтүлбөгөн кадрдык өзгөрүүлөр орун алып жатат. Бийликтин “торпедасына” айланган Дүйшөнбек Зилалиев мөңгү боюнча мыйзам долбоорду парламенттен өткөргөндүн эртеси эле башка кызматка которулгандыгына байланыштуу делип кызматтан алынып, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы болуп дайындалды. Биринчи вице-премьерликти аркалап жаткан Толкунбек Абдыгулов кызмат ордунан төмөндөп, жөнөкөй вице-премьерлик орунга түштү.  Биринчи вицеликке бүгүнкү бийликке иштей турган, келечектеги бийликтин командасына кошулбаган кадрлардын аттары аталууда. Өкмөткө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Болсунбек Казаков кызматтан алынды. Бул адам да көптөгөн чыр коштогон иштерди жайгарып келди. “Ак-Кеме” мейманканасын мамлекетке өткөзүүдө Казаковдун чоң салымы болду. Бул иш да кийин акыйкат чечиле турган болсо Казаковго оңбогондой эле сокку болот. Андан кийин коомчулукта ар кандай сөздөрдү жараткан, саясаттагы чоң фигурага айлана алган Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов да күтүлбөгөндөй кызматтан алынды. Бул жүрүш муну менен токтолбой, бир канча министрлер креслосун башка адамга бошотуп берери айтылууда. Саламаттыкты сактоо министри Батыралиев, Экономика министри Новиков да жакынкы аралыкта кызматтан алынгандардын тизмесин толуктай тургандар болууда. Бул кадрдык алмашуу жаңы президент ишке киришип жаткан учурдун алдында болууда. Сапар Исаков да өзүнүн командасын бекемдеп, таасирдүү күчкө ээ болгусу келгенин көрсөткөн иш аракетин көрө баштады окшойт. Жаңы президент келгенден кийин таасир талаш башталып, кызыкчылыктар кагылышы күчөй турганын орун алмаштыруулар далилдеди. Райымбек Матраимов жаңы президент үчүн шайлоодо көп добуш алып бергендердин сап башында. Ал жаңы президенттин командасына айланмак. Азыркы кадрдык өзгөрүүлөр жаңы президенттин командасы бат эле тикелеп кетпеши үчүн көрүлүп жаткан кадамдарга окшошуп баратат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: