2017-жылдын 24–ноябрында Ысык–Көл областтык сотунун судьясы Аида Рыскулова Ысык-Көл областынын Жети–Өгүз районундагы Балтабай айылынын Арстаке уулу Абдылда атындагы орто мектебинин 9-10-класстарынын окуучулары менен жолугушту. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.
Бул иш чара аймактардагы мектептердин жогорку класстарынын окуучуларынын Кыргыз Республикасынын сот системасы жөнүндө маалыматтуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлдү.
Жолугушууда судья Аида Рыскулова окуучуларга «Сот системасы жана талаш-тартыштарды чечүүдө сот системасынын ролу» аттуу темада лекция окуду. Анда өлкөбүздүн мамлекеттик түзүлүшүнүн Конституциялык негиздери жана сот системасы жөнүндө кеңири баяндап берди. Ошондой эле балдардын жана ата-энелердин Конституциялык укуктары жана милдеттери тууралуу маалымат менен бөлүштү. Соттордун иштөө тартиби жана акыйкаттыкты орнотуу принциптери жөнүндө түшүнүк берип, судья жана соттук териштирүүнүн катышуучулары деген кимдер жана соттук процесстер кандай өтөөрүн түшүндүрүп берди.
Окуучулар тема боюнча суроолорун узатып, канааттандырарлык жоопторун ала алышты.
Жолугушууну жыйынтыктап жатып фемида өкүлү окуучуларга ийгиликтерди каалап, өзүнүн насаатын айтты: “Алдыга койгон максаттарыңарга жеткиле. Ар бир адамдын тагдыры өз колунда. Ар дайым мамлекетибиздин мыйзамдарын так билип, сыйлап жүргүлө”,- деп баса белгиледи судья өз сөзүндө. Иш чаранын соңунда бардык окуучуларга сот системасы жөнүндө китепчелер белекке тапшырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ