Menu

Дүйшөн Керимов: «Ата уулунун анты акжолтой болсун!»

Бөлүшүү:

— “Той да болоор, тойдун эртеси да болоор…” демекчи, шайлоо да өттү, жаңы шайланган Президент Сооронбай Жээнбеков эл алдында ант берээр күн да келди. Бүт баары мына ушул расмий салтанатка назар салгансып турат… Дүйшөн агай, ушул белгилүү учурга пикириңизди уксак, анан да “Ант” деген сөзгө өзүңүз кандай маани бересиз, дегеле бизде анттын таасири, жыйынтыгы барбы?

— Кыргызда ант берүү, шерттешүү, касам ичүү деген сөз маанилеринин тек жайы бир — ​катуу убада же убаданын чеги, туу чокусу дегенди билдирет. Анын эң сонун үлгүсү улуу “Манас” тарыхый дастанында: “Төшү түктүү Жер урсун! Төбөсү ачык Көк урсун!” деп, кашкая айтылып турат. Жер — ​сени асыраар да, денеңди жашыраар да жер, Көк — ​Теңир дейби, Кудай, Бог, Эгем, Бурхан… же Алла дейбизби, баары бир — ​улуу Жаратканды түшүндүрөт. Атаңдынгөрү дүнүйө… Эгер аңдай алсак, өзүбүздүн “Манас” рух кенчинде эле бизге бүгүн чалкеш, бүдөмүк сезилген не бир татаал ойлордун уюткусу тунуп жатат го…

Ал эми азыркы Президенттин ант берүү аземине келсек, ал мага мурдагылардыкына караганда өзгөчөрөөктөй туюлат. Эмне үчүн? Сооронбай Жээнбековдун атасы Шарип аке өз кезегинде Ош жергесине таанымал адам болгон. Негизинен соода тармагын жетектесе да, айрыкча өнөр адамдарына ажаатчылдыгы жана жалпыга намыстуу мекенчил көсөмдүгү менен айырмаланган. “Эр жигиттин алдында — ​байлык, бийлик, намыс жолу бирдей туш келген учур болот. Ошондо эр болсоң, намысты бек карма! Себеби, намысын жоготкон адам — ​баарын жоготот…”деп, дамаамат айткан сөзү эл элесинде калган.

Албетте, өзүнүн араагынан бериге болбосо кайдан дечи, Шарип аксакал тээ Эл депутаттыкка шайлоолордун башталышында эле Сооронбай уулун калк алдына өзү сүрүп чыгып, бата-дуба алып бергенин уккан жайым бар. “Ата балага сынчы” деген ошол. Демек мындан келди, “Ата уулу” деген ак калпак элдин накыл сөзү жаңы Президент үчүн Кыргыз Республикасынын алты миллиондон ашык тургундарынын алдында берген расмий Антына тете жоопкер милдет болот го деген ишенич да бар. Ошондуктан, Ата уулунун анты акжолтой болсун деп, Жараткандан тилейли.

— Сөзүңүзгө аралжы, ант берүүнүн өзүңүзгө байланышы барбы?

— Бар эмей… 3-класста окуп жүргөндө кызыл жагоо тагынып, эдиреңдей пионердик ант бергеним али да эсимде. Жакшы окуп, туура жүрүм-турум менен андагы пионердик антымды актадым го деп ойлойм. Анан да береги алтымыш жаштын астанасында, отуз жылдан ашык ойлорумду жана ден-соолугумду тумандатып жүргөн бир жаман нерседен кутулайын деп, Таластагы “Манас Ордого” атайылап барып, Айкөл Манас ата арбак рухунун алдында купуя ант бергеним да көкүрөктө намыс-ар жашап, акыл-эсим бар кезде унутулбайт деген тилектемин…

— Ооба, элибизде “Ант ургур…” деген каргыш бар эмеспи. Бирок мисалы, Кыргызстандан качып кеткен А. Акаев, К. Бакиевди же айрым көкүрөгүнө колун коюп, жазып алган антын “Эжелеп” эптеп окуп берген жеп-ичкич депутат, министрлерди ант урганын көрө элекпиз го…

— Ант уруу бул — ​дароо эле мүрт кетүү да болбошу мүмкүн, а бирок адамдын, элдин, мекендин назарынан калуу, өз киндик каны тамган Ата-Журтуна бут коё албай, аба, суусуна зар болуп калуудан өткөн кордук барбы? Маселен, эл энчисине ээн-эркин же уурдап тоюп алып, чердеңдеп бакача чардап жүргөн адам сөрөйлөр көп дечи, бирок аттиң алар, бечаранын көз жашына калып, көпчүлүктүн каргышына кабылганын, демек эл-жери үчүн тирүүлөй өлүккө айланганын акыр бир күн сезээр көз ирмем да келээрин ойлоор бекен…

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: