Menu

Таалайкүл Токтакунова, “Ата Мекен” партиясынын юристи: «Өмүрбек Текебаевдин күнөөсү жок экени иш жүзүндө аныкталды»

Бөлүшүү:

 

“Ата Мекен” партиясынын лидери, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында маанилүү орунду ээлеген саясатчы Өмүрбек Текебаевдин абакка кесилиши коомчулукту кайдыгер калтырган жок. Биз бул соттук ишти иликтөөдө жактоочу катары активдүү катышып, иштин ийне-жибине чейин билген юрист Таалайкүл Токтакунова менен маектештик.

— Эртең, 24-ноябрда Атамбаев кетип, жаңы шайланган Сооронбай Жээнбеков президент катары кызматка киришет. Өмүрбек Текебаевдин соттук ишине карата бийликтин мамилеси өзгөрүшү мүмкүнбү?

— Менин оюмча сөзсүз түрдө өзгөрөт. Кыргызда “балык башынан сасыйт” деген жакшы кеп бар. Президент Атамбаев мамлекеттин башында туруп алып “ирип” келбедиби. Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы жеке мамилени мамлекеттик деңгээлге алып чыгып, мамлекеттик машина аркылуу өч алуу иши болбодубу. Бул ишке президенттин достору, же партиялаштарынын тиешеси жок. Ал кызматтык адамдардын колдору менен жасады бул ишти. Акыркы пресс-конференциясында Атамбаев “Мен каматчу кишилерди каматтым, калгандарын каматып деле кереги жок. Алар таасир бере албайт”- деп айтты. Бул кылмыш ишинде жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун өчү жок. Менин оюмча Сооронбай Жээнбеков эртең кызматына киришкенден тартып Атамбаевдин жолун жолдобой, сотторго мыйзамсыз буйруктарды бербей иштейт. Анткени, Сооронбай Жээнбеков эртеңден тартып Алмазбек Атамбаевдин досу эмес, ал киши жалпы элдин президенти. Ал кишинин жумушунда дос, тууган деген болбошу керек. Кыргыз эли ишенип добуш бергенден кийин Сооронбай Жээнбеков досунун сөзүн укпай мыйзамдын гана чегинде иштейт деп ойлойм.

— Өмүрбек Текебаевге карата чыккан өкүмгө коомчулуктун пикири кандай болду?

— Соттун өкүмү Кыргыз Республикасынын атынан деп эсептелинет. Кыргыз Республикасында бийлик биринчи кезекте элге таандык. Ошондуктан ар бир чындыкты издегенде президент Атамбаевге эмес элге ишениш керек. Жалпысынан 100 пайыз дебейин, бирок 80 пайыз эл бул соттун өкүмүнө ишенген жок. Чындык кайсыл тарапта экенин билишти. Өкүм чыгып атканда дагы түз эфирден көрүп алышып, элдер “наалат” деген сөздү сотторго жана тапшырма бергендерге багыштап айтып жатышты. Эсиңиздерде болсо Исмаил Исаковду тапшырма менен соттогондо Роза Исаковна Отунбаева ушул “наалат” деген сөздү биринчи айткан. Кийин Исмаил Исаков акталып чыкты, кийин чындык элге жетти. “Наалат” деген өтө оор сөз. Бул сөздү бир эле киши айткан жок, Текебаев менен Чотоновдун соттук ишинен маалыматы бар адамдардын дээрлик бардыгы айтып жатышты. Канча жылдан бери Өмүрбек Текебаевди мамлекеттик ММКлардан, КТРКдан каралап, жалган жалааны жаап, айыптап келишти. Ар бир иштин жаманы болсо, жакшысы дагы болот деп коёт кыргыз эли. Баягыл айыптоолорду КТРКдан кечке уга берип шек санап калган эл бул соттук ишти көрүп, угуп Текебаевдин күнөөсү жок экенине ишеништи. Мен дүкөнгө кирип калсам, бир аял киши “мурун Текебаевди аябай жек көрчүмүн, көрсө бул киши таза экен” деп аябай жакшы пикирлерин айтып берди. Текебаев коомчулуктун аң-сезиминде толук акталды деп айтсам болот.

— Өмүрбек Чиркешовичтин күнөөсү жок экенин аныктай турган эң маанилүү кайсыл далилдерди айта аласыз?

— Мен Өмүрбек Чиркешовичтин күнөөсү жок экенин аныктоо максатында 2–3 күн айтсам дагы далилдер түгөнбөйт. Абдан көп. Ар бир учурун майдалап айтып берсек деле болот. Бирок, мен айта кете турган эки жагдай бар. Биринчиси, орус жараны Маевский “Өмүрбек Текебаевге миллион доллар бергем”-деп айтып жатат. Бирок, акча Өмүрбек Текебаевге эмес башка бир адамга берилгендиги тууралуу дагы далил жок. Сүрөт, видео, телефондук сүйлөшүү, квитанция же документ болсо дагы ойлонуп калат элек да. Маевскийдин 300 миң долларды алды деген Маматкеримов деген кишиси каза болуп калыптыр. Маркум Маматкеримов акчаны Текебаевге бергендиги тууралуу бир дагы далил жок. Бул далил аныкталмак тургай Маевский ошол Маматкеримовго акча бергенин бир Кудай билет. Ал боюнча дагы далил жок. Ал эми калган 700 миң долларды Маевский Текебаевге деп белгисиз бир орус жаранына бергем дейт. Ал орус жаранынын аты- жөнүн билбейт, паспорт, сүрөт, дайын- дареги жок. Бул Маевский жана ал акча берип жибердим деген адамдар менен Текебаев, Чотоновдордун же алардын жакындарынын дагы телефондук сүйлөшүүсү жок болуп жатат. Маевскийден “Текебаевдерге кайсыл телефон менен чалдың эле, сүйлөшүүнүн табуляграммасында кимдер менен сүйлөшкөнүңдү алып кел”-деген талап коюлган. Ал телефондук сүйлөшүүсүнүн табуляграммасында башкалар менен сүйлөшүүсү бар, бирок Текебаев жана анын жакындары менен сүйлөшүүсү жок экен.

Экинчи айта кете турчу жагдай бар. Маевский Текебаев менен Чотоновго 13-май күнү Бишкектен “Супарадан” жолукканын жана 21-декабрда Жогорку Кеңеште Текебаевдин иш бөлмөсүнөн жолукканбыз деп билдиришкен. 13-май күнү “Супарага” жакын жерге Текебаев дагы, Маевскийдин жанындагы Модин дагы барбагандыгын телефондук сүйлөшүүнүн табуляграммалары далилдеп берди. Бул маани бере турган гана далил. Болбосо Өмүрбек Текебаев ошол күнү Убактылуу Өкмөттүн жыйынына, андан соң Конституциялык кеңешменин жыйынына катышканын видео, фото далилдер менен көрсөттүк. Убактылуу Өкмөттүн токтомдорун колуна көтөрүп алып Роза Исаковна жана Темир Сариев баштаган орун басарлары баары келип документ түрүндө сотко далилдеп беришти. 21-декабрда болсо Маевский менен Модин Текебаевдин кабинетинде болмок тургай Кыргызстанда дагы жок болчу. Бул аэропорттогу маалыматтардан аныкталды. Бирок, соттор бул далилдерди карап окуп дагы койгон жок.

— Эмне үчүн соттук процессти өтө шашылыш бүтүрүүгө аракет кылышты деп эсептейсиз?

— Анткени, Алмазбек Атамбаев жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков кызматына киришкенден кийин анын сөзүнүн баарын эле аткара бербешине көзү жетти. Жаңы президент Атамбаевдин өзүнө окшоп соттордун үстүнөн мыйзамсыз тапшырмаларды бере берээрине ишенген жок. Кызматында турганында өтө тездик менен акырына чейин соттоп алайын деген эле Атамбаевдин өзүнүн бир ой максаты болчу.

— Бул атайылап ойдон чыгарылган соттук иште кимдер күнөөлүү? Кийин кимдер жооп бериши мүмкүн?

— Биринчиден кылмыш иши жок. Бирок, ушул кылмыш ишин атайын ойлоп таап күнөөсү жок Өмүрбек Текебаевди абака отургузуп аткандын өзү кылмыш иш. Мыйзам боюнча дагы күнөөсү жок адамды камагандын өзү кылмыш. Буга биринчи күнөөкөр президент Алмазбек Атамбаев. Анткени, кылмыш ишин тергөө баштала электе эле жаз айларында Коопсуздук кеңеште отуруп алып “Текебаев күнөөлүү. Анын күнөөсү соттон тастыкталат” деп айтып жатат. Демек, алдын-ала даярдалган атайын иш экени билинип калды. Алдын ала эле тапшырма берип жатат. Экинчи күнөөкөр Текебаев менен Чотоновдун ишин карап, президенттин тапшырмасын аткарып, мыйзамды сактабай өкүм чыгарган соттор. Андан сырткары УКМК дагы президенттин тапшырмасын аткарды.

— Жогорку Соттун чечиминен кийин Өмүрбек Текебаевди актап чыгуу үчүн кандай иштерди жасайсыздар?

— Мыйзам боюнча Жогорку Соттун өкүмү акыркы чечим деп атышат. Биз бул өкүмдөн кийин токтоп калбайбыз. Анткени, Өмүрбек Чиркешович Текебаевдин күнөөсү жок экени иш жүзүндө аныкталды. Эл аралык уюмдарга дагы кайрылдык, алардан дагы сөзсүз тыянак чыгат. Бардык картаны ачып, пландарыбызды айтпай коё турайын, биз бул иш менен тынбай иштеп жатабыз. Президент Атамбаевдин тапшырмасы менен чыгарылган сот өкүмүн сөзсүз жокко чыгартабыз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: