Menu

Сот системасын реформалоонун бүтүшү – асмандагы айга жөө баргандай эле кеп болуп турат

Бөлүшүү:

Качандыр бир кезде Чарльз Дарвин адамзат маймылдан келип чыккан деп жарыялап, өзүнүн теориясын далилдегенсиген. Бирок, эки кылым өптөй америкалык жана россиялык окуучулардын тобу сотко берип, адамзат жөнөкөйдөн татаалга карай — ​эволюциялык процесстин өнүгүүсүнүн жыйынтыгында пайда болгондугун далилдеди. Сотто адамзаттын пайда болуусу жөнүндөгү дарвиндик теория социалдык-нравалык адамзаттык параметрлерге туура келе тургандыгы далилденди. Адамзаттын пайда болушу жөнүндөгү гипотеза сыяктуу эле Атамбаевдин элдин КРнын сот системасына ишеними өскөндүгү жөнүндөгү гипотезасы дагы эч кандай сынга туруштук бере албайт, себеби КРнын сот системасы адамдардын тагдырын калчагандарды эволюциялык тандоодон өткөрүшү керек болчу.

Өлкөнүн дээрлик ар бир жараны өмүрүндө жок дегенде бир жолу сот системасы менен кез келген жана алардын эсинде кыргыздын сот акыйкаттыгына карата душмандык мамиле менен жагымсыз маанай гана сакталып калган.

Албетте, баарысын сот кадрларынын резервинин жоктугуна “шылтап” койсо деле болот. Анткени, сот кадрлары даярдалган эмес жана сот корпусу Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери прокуратуранын отставкадагы кызматкерлеринин жана кылмыш-жаза аракеттерин жасагандыгы үчүн кызматынан бошогон ИИМдин иликтөөчүлөрүнүн эсебинен толукталган. Кыскасы, иликтөө жана надзор функцияларын орустардын «Загружаем, разгружаем и за это получаем. Нам работать западло, западло…» — ​деген ырында ырдалгандай аткаргандар судьялардан болушкан.

Судьялыкка чейин кызматынан бошотулган же кайра калыбына келтирилүүгө укуксуз “эркин нан таап жегенге” жөнөтүлүп, эң башкысы, жоопкерчиликке тартылбаган соттор бир жылдан кийин сотто акталып, жагдайлардын жана аларга ичи күйгөндөрдүн “курмандыктары” болууга мүмкүнчүлүк алышкан, ал эми мындай соттордон эмнени күтүүгө болот?

КРдагы акыйкат сот адилеттигинин күнү бүттү, бул фактыны жашырып жабуу мүмкүн эмес. Буга Кыргызстандын бийлигине Атамбаев менен бирге кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн келиши түрткү болду. ЖМКда бир нече жолу жарыялангандай, мамлекет башчысынын жакынкы айланасында азыркы учурда 2010-жылдын 7-апрелине чейин өмүр бою жазасын өтөө үчүн камакка алынган киллерлер дагы бар.

Сот бийлигин реформалоонун зарылдыгы жөнүндө эбактан бери эле айтылып келе жатат. Бул жөнүндө кеп элге биринчилерден болуп сот тарабынан корголууга ишеним берүү жана эртеңки күнгө ишеним берүү жөнүндө теоретикалык “догманы” айтып чыккан Акаев убагынан бери эле жүрүп келүүдө. Бул жөнүндө Акаев дагы, Бакиев дагы, өткөөл президент Отунбаева дагы айтышкан, учурда Атамбаев дагы саймедиреп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 5-июнунда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы “Эне-Сай” кабыл алуу үйүндө мамлекет башчысы КРнын президентинин алдында 2012-жылы түзүлүп, дароо эле дагы бир коррупциялык схемага айланган Сот реформасы боюнча Кеңештин XII отурумунда чыгып сүйлөгөн…

Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө 2012-жылдан бери Сот реформасы боюнча Кеңештин мүчөлөрү биринчи жолу мыйзам долбоорлорун талкуулоо үчүн эмес, Кыргызстандагы сот системасын реформалоодогу эң татаал процесстин абдан маанилүү, өзөктүү этабынын жыйынтыктарын чыгаруу үчүн чогулушкандыгына басым жасады. Ушуну менен баары айтылгандай болду. Ой, кечирип коюңуздар, сот системасын реформалоо жөнүндө айтууга али эрте. Бир гана этабы бүттү деп айтылып жатат. Аны өзөктүү, негизги деп атаган күндө да, баары бир, КРнын сот бийлигин реформалоонун болгону бир гана этабы.

Атамбаев: “Кыргызстанда мыйзам үстөмдүүлүгүнө жана адилеттик принциптерине негизделген биздин жеке улуттук сот адилеттигинин системасын түзүү процесси жүзөгө ашырыла баштады жана укуктук негиздери түзүлдү” — ​деди. Президенттин сөзүнөн улам көрүнүп тургандай, сот системасын реформалоонун бүтүшү – асмандагы Айга жөө баргандай эле кеп болуп турат.

Ырас, президенттин ар бир айтылган сөзү ала качма, демейдеги эле сөзүндө, ойго-тоого качырып жиберери баарына анык

Бул тууралуу адвокат Акин Токталиев: «А. Атамбаев сот системасы жөнүндө өтө чоң иштер жасалгандыгын, бирок, анын жыйынтыктарын кыргызстандыктар келечекте көрө алышаарын айтты. Чамасында, азыркы биздин президентибиз менен аны дагы узакта көрөт окшойбуз. А азырынча, кыргызстандыктар атамбаев бийлиги сот системасынын түбүнө жеткендигин жон терилери менен сезишүүдө”, — ​деген пикирин билдирди. Белгилүү адвокаттын пикирине кошулбай коюу, арийне, мүмкүн эмес.

«Бизде сот системасынын өзү жок. Бирок, бактыга жараша, азырынча абийирдүү соттор дагы эле бар, бирок, алардын саны аз болгондуктан, коомдун тукум курут болуп бараткан катмары катары жакында кызыл китепке киргизүүгө туура келет. Биз соттордун көз карандысыз болушуна жана Конституция менен мыйзамдарга гана баш ийүүсүнө жетишишибиз керек. Мыйзамга туура келбеген вердикттерди кабыл алган соттордун жоопкерчилигин караган КРнын мыйзамдарына түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл» — ​дейт адвокат.

Ооба, соттордун жоопкерчилиги өзгөчө маселе. Эсиңиздерде болсо, журналист айым Раушан Рыкунова ар кыл инстанциялардагы көп миллиондогон долларларды алууга катышы бар сот адилеттигинин өкүлдөрүнүн баарысынын аты-жөндөрүн атаган. Анан эмне болду?

Жыйынтыгында, катаал тагдырга тушукту. Мамлекет ошол эле паракорлордун колу менен аны узак мөөнөткө темир тордун артына камоо үчүн баарысын жасады.

Телекөрсөтүүлөрдүн программаларынын биринде укум-тукумунан бери коммунист Исхак Масалиев укук коргоочу Азиза Абдирасуловага КРдагы өлүм жазасына мораторийден баш тартуу жөнүндө жарыялагандыгын кантип унутабыз. Ал, өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн өмүрдүн наркы 7–9 грамм коргошун деп айткысы келген өңдүү…

Бирок, анын тыянактарына Азиза аргументтештирүү менен качандыр бир жолу кайсы бир кыргызстандыкка өз аялын өлтүргөндүгү үчүн ата-мекендик Фемида жогорку жаза көрүү өкүмүн чыгаргандыгын белгилеп өттү. Бирок, эки жылдан кийин жубайы куландан соо, ойноп-күлүп жүрүп кайтып келип, анын күйөөсү аны өлтүргөндүгү үчүн өмүр бою абакка кесилгендиги тууралуу кабар алат.

Бир дагы сот кандайдыр бир дисциплинардык жазаны кой, бул боюнча оозеки дагы эскертүү алган эмес. Анда, Исхак Масалиев, Ленин менен Сталиндин идеяларынын чыныгы жолун жолдоочусу катары: «Ар бир адам жаңылышы мүмкүн» деп жооп кайтаргандыгын эске салсак… Ал тургай коммунисттер дагы алардын лидери Исхак Масалиев ушундай кепти балп эттирип айтып салганына таң калышкан.

Белгилүү укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Сот системасына, асыресе, сот корпусуна кеңири масштабда реформа жүргүзүүнүн алдында бардык мыйзамдарды жеткилең тартипке салуу зарыл деп эсептейт. Анын пикиринде, «Сот бийлигинин кесепетинен улам Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча алдыңкы орундардын бирин ээлеп турат». Андыктан, атамекендик сот өндүрүшү жөнүндө үн катпай деле койсок жетиштүү. Бул баарына алаканга салгандай маалым.

Азыр өткөн жүз жылдыктын 30-жылдары эмес. Сот адилеттигинин өкүлдөрүнүн жарандардын тагдырларына жана өмүрлөрүнө таасир этүүчү каталарды кетирүүсүнө жол берип, алардан бейкүнөө орган жасоого болбойт. Адам тагдырларын чечүүчүлөр боюнча алсак, коммунисттердин «Ар бир адам ката кетириши мүмкүн» позициясы интеллигенциянын эң прогрессивдүү өкүлдөрүнүн, булардын арасында Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкулдун жок кылынышында кейиштүү роль ойногон.

Апрель окуяларынын катышуучулары боюнча процесстин ашмалтайын чыгарышкандан кийин, соттордун ак ниеттүүлүгү жөнүндө кеп кылуу кыйын. Иштин материалдарын жана чыныгы эксперттердин корутундуларынын жетегинде эмес, Ак үй тарабынан бекитилген өкүмдөрдү “өтүп кеткен убакыт менен” айыптарды тагышкан.

Ооба, аныкталган чынжырчанын алсыз звеносу өз куралдарынан ок чыгарышпаган, спецназовчулар болуп чыгып, узак мөөнөткө абакта жазаларын өтөөгө соттолушту. Соттор ал гана эмес соттук-медициналык корутундуларга ылайык, КРнын бардык түндүк аймагында көптөгөн жарандар “башка учтуу предмет менен соккондон”, ошондой эле, бытыра менен жана майда калибрлүү куралдан тике атуудан курман болушкандыгын факты катары кабыл алышкан жок.

Соттордун ишинде азыркы күнгө чейин кандайдыр бир жакшы жагына өзгөрүүлөр байкалбагандыгы эч кимге жашыруун деле эмес. Тескерисинче, мыйзамсыз чечимдер жана өкүмдөр мурдагыдан да көбөйдү. Сотто Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иштери боюнча жеңип чыгууга эч кандай ишенимдүүлүк жок. Андыктан, жарандардын сот системасына эч кандай ишеними жок. Укук коргоо органдарына жана иликтөө органдарына ишеними жок. Жана бул аксиома.

Соттордун айрым бөлүгүн алмаштырып коюу менен алардын артын аттестация менен “тазалап” коюуну сот реформасын жүргүзүү деп эсептеп жатышат. «Соттун балка-чоту менен мантияларын» сатып алып жатышкандардын көбү “жогорудагылар” “керектүү өкүмдү” чыгарууну суранышса, мыйзамдуу чечимди чыгаргандан коркушат. Алар (соттор) адегенде эле сот кызматтарынын “соодагерлеринин” барымтасында калышат.

Ал эми кызматты сатып ала албагандар адвокат болуп кетишет. Мурдагы соттордун кимдир бирөө чабал эмес коргоочулардан болуп чыга келишет, ал эми дагы кимдир бирөө прокурор, судья жана айыпталуучунун ортосундагы далдалчы болуп чыга келет.

КРнын сот системасына сарпталган каржылар тууралуу кеп болгондо байкоо видеокамералары өз каалоосу боюнча редакциялап, кыскартып же жөн гана жазууларды оңдоп-түзөп койгонго ыңгайлуу жасалгандыгы тууралуу эч ким кеп кылбайт. Бир дагы адвокат аларды колдоно албайт …

Ооба, 2010-жылдагы мамлекеттик куралдуу төңкөрүшкө чейин жана андан кийин сот системасынын иши менен кез келген болсо, мени калп айттырбайт, мурда чечимдердин абсолюттуу көпчүлүгү мыйзамдын алкагында кабыл алынчу, натыйжада, жоопкерлер же доогерлер жогору турган соттук инстанцияга апелляциялык даттануу менен арыз берүүгө мүмкүнчүлүгү болчу.

Азыр эгерде тараптардын бири сотко келбөөсү керек болсо, эгерде аларга зарылдыгы жаралса, катчылары чөнтөк телефонго чалып, үн катпай турат. Телефон чалуу фактысын сот процесси жөнүндө кабар катары жеткиришет. Ошону менен бирге КРнын мыйзамы талап кылгандай тараптардын бирин тиешелүү деңгээлде дээрлик кабарлабайт.

Жаңы шайланган соттордун арасында юристтик дипломго ээ, Кубаев юридикалык курстарын бүткөн көптөгөн сабатсыз адам каакылары бар экендигин айта турган болсок, демек, башка кеп айтуунун деле кажети жок. Тараптардын бирөө документтерди жасалмаласа, соттор мыйзамдардын бузулгандыгын байкашпайт же болбосо, документалдык жасалмалоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоо жөнүндө сот тарабынан жеке аныктама чыгарууну талап кылган мыйзамдын нормасы бар экендигин билишпейт. Азыркы соттор муну алардын “түгүнө” турбаган «майда-барат» нерсе катары эсептешет.

Ооба, булардын баарысына эми жетектөөчү СДПК партиясынан өлкөнүн президенти кызматына мурдагы талапкердин каршылаштарына катаал жазалар кошулду. Соттор кебетеси өлкө президентинен алар жарыялай турган жан кол коё турган вердиктти күтүп жатышкандай. Аракеттеги президент КРнын президентине шайлоолор деген аталыштагы аталган “табигый эмес” тандоого кийлигишпесе жакшы болмок, бирок, аракеттеги мамлекет башчысы терс ой жүгүрткөн саясатчыларды дагы, сот системасын дагы, УКМКны дагы, ИИМди дагы катаал жазасына алып, баш-оту менен киришип кетти.

Анткени менен, кайрадан атамбаевче, (мени кудай өзү сактаса экен) сот системасына келсек. Аракеттеги мамлекет башчысы 2017-жылдын апрелинен тартып КРнын Жогорку сотунун алдындагы сот адилеттиги жогорку мектебинин биринчи угуучулары окуусун баштады деп мактанып жатат. Окууну ийгиликтүү аяктаган жана сертификат алган угуучулар жогорку кызматтагы судьялардын орундарына талапкер болушат. Айтмакчы, алардын акчалары бар, болбосо, алар негизинен бардар аткаминерлер менен депутаттардын балдары болуп саналышат.

Мындан тышкары, соттордун айлык маяналарын беш эсеге жогорулатышты, оңчулуктуу деле эч нерсе жасалган жок. Тескерисинче, КРнын сот системасынын күнү бүттү, КРнын сот системасынын ордун бюджеттин эсебинен соттордун заманбап имараттарын куруу менен гана толтуруу мүмкүн эмес. Соттор үчүн турак-жайдын курулушу, мындайча айтканда, “өлгөн адамга ысытма” баскандай эле нерсе.

Ал эми Атамбаевдин биздин соттор мурдагыдан дагы сабаттуу болуп, өз иштеринде КРнын мыйзамдары жана жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын гана жетекчиликке алып, иштеп жатышат деп ынандыргысы келгенин анекдот катары гана кабылдоо мүмкүн…

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: