Menu

«Биздин Раиса, Раиса Горбачевадан ашып эле кетпесе, кем калышкан жок»

Бөлүшүү:

Раиса Горбачева улуу Совет державасынын лидер аялдарынын мыктыларынын ичинен мыктысы болгону белгилүү эмеспи. Ал өзүнүн назиктиги, жүрүм-туруму, ички дүйнөсүнүн бийиктиги, акылы, сөзү жана ажары менен айырмаланган. Философия илимдеринин кандидаты болгон. Мына ушундай улуу сапаттарынын негизинде кээ бир бийик даражадагы өлкө башчылары, Раисанын колун кармаганга ынтызар болуулары бекеринен эместир.

Биздин Раиса Атамбаева саясий, мамлекет иштерине кийлигишпей, кыргыз өлкөсүнүн биринчи ледиси катары өзүнүн жөнөкөй жүрүм-туруму менен элдин купулуна толду. Раиса Атамбаева эл башчысы менен Россияда, Германияда, Кытайда, Түштүк Кореяда, Бельгияда жана башка өлкөлөрдө болбосун, кыргыз аялдарына таандык кичи-пейил нукура мүнөзүн, жүрүш-турушун жогорку деңгээлде көрсөтө алды.

Алмазбек Атамбаевдин акыркы Россияга болгон сапарында Раиса Атамбаева кыргыз, орус достук байланышын чыңдоо иретинде эл башчысы Алмазбек Атамбаев менен орус президенти Владимир Путиндин ортосунда кылым карыткан Кремлдин залында эки президентти колтуктап сүрөткө түшкөнү кыргыз-орус биримдиги дагы мындан ары бекемделишине өзгөчө үй-бүлөлүк салымын кошту деп айтсак болот.

Раиса Атамбаева эл башчысынын жары катары тунук акылына таянып, президенттин жүрүм-турумуна, кээ бир сүйлөп турган сөздөрүнө өзүнүн жеке кеңешин берсе керек деген ойдо болом. Менин оюмду байыртадан бери айтылып келе жаткан кыргыз элибиздин “вазир жакшы хан жакшы, аял жакшы эр жакшы” деген асыл сөзү толуктаса керек.

Жөн жок жеринен эл башчысы Алмазбек Атамбаев президент сыйлыгын өлкөбүздүн мыкты деген студенттерине тапшырып жатып кайрылуу сөзүн айтпагандыр. Ажо жакшы жарга кабылсаңар, күчүңөргө күч кошулуп, ишиңер оң жолго коюлуп, максатыңарга жетүүгө шарт түзүлөт деп жаштарга каалоосун каалап кеткен жери бар. Бул айтылган сөз менен президент кыйыр мааниде Раиса Атамбаевага таандык иретинде, үй-бүлөлүк, мамлекеттик иштерге тийгизген оң таасирин айтты го деген жекече ойдо калдым.

2011-жылы эл депутаты Ирина Юрьевна Карамушкина аркылуу Алмазбек Атамбаевге берип жиберилген “Моя жизнь” (апрель революциясына арналган) китебимде “Кудай буюрса 65% ашуун элдин колдоосуна алынып, президент болосуз” деген кол жазмамды китептин биринчи бетине калтырган элем. Ал Алмазбек Шаршеновичтин китеп текчесинде турса керек.

Экс-президент Роза Отунбаевага ыйгарылып берилген китебиме, Роза Исаковна ички дүйнөсүнүн бийиктигин, адамгерчилик сапатын жана кичипейилдигин көрсөтүп, жарым барак кагазга жообун билгизген каты сакталып турат. Ден-соолугум мүмкүнчүлүк берсе, “Бостон и я” деген китепке кошойун деп, пландап койгон жайым бар. Китептин мындай аталышынын себеби: өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгына карата атайы уюштурулган окурмандар менен бирге болгон кезигишүүмдө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов “ой сен чын эле Бостонго окшош экенсиң” деген сөзү болгон.

Алмазбек Атамбаев бийликтин башына келгени, колунан келген аракеттердин баарын жасап, ак ниеттик менен таза иштеди. Үй-бүлөсүн бийликке аралаштырган жок.

Пенсионерлер колготки, носки алгандын ордуна, көбөйтүлгөн акчалай пенсия алышканга жетишишти, эл тезек тергендин ордуна, свет (өчпөй), газ колдонула баштады.

“Кемин-Датка” электр магистралы курулуп, кошуна өлкөлөргө көз карандылыктан өлкө таптакыр эле кутулду.

Эң көрүнүктүү иштеринин бири, өз демилгеси менен өткөргөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болду. Бул иши аркылуу кыргыз элинин кайталангыс үрп-адатын, салтын жана маданиятын дүйнө коомуна даңазалай алды.

Ирина Карамушкина президенттин администрациясына өз атынан кат жолдоп, мени президент мүмкүнчүлүгүнө жараша, кабыл алуусун сурангандай болду…

Эгерде Атамбаевдин кабылдамасында болсом, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун эстелиги кереметтүү Ысык-Көлдүн башталышы Балыкчы шаарына, Семенов-Тяньшаньскийди жылдырып (башка орунга), ордуна курулса, Алмазбек Шаршенович өз колу менен башталган бул улуу ишке кол тийгизип калса деген оюмду сунуштамакмын.

Мындан аркы пикиримди улуу кыргыз трайбализминин негизиндеги ичи тардык, майдачылык, көрө албастык жана башка кыргыз улутуна таандык айыкпаган оору болуп келе жаткан, бири-бирине балта чаап тамырларын кесип, жакшыларын жаман кылып, көмө чаап, ал эми жамандарын ортого жеткирип, ортолорун жакшы кылып, жакшыларын “хан” кылып, уруу-уруу болуп бөлүнүшүп, уруучулук күчөп жалындай күйүп, жакындагы президенттик шайлоонун тегерегинде болуп жаткан ыплас иштердин ак-карасын аныктап, ачуу чындыкты жарыкка чыгарып, активдүү жарандардын бири катары дагы бир жолу ортого салгым келди.

Кандидаттарды президенттик постко шайлоо таза жана калыстык менен өттү деген ойдон алысмын.

Шайлоо шумдуктуудай ыпластык, зордук-зомбулук “Улуу кыргыз трайбализминин” негизинде өттү десек жаңылышпайбыз. Себеби дегенде, президент өзү административдик ресурстун башында туруп, кайсы региондо болсо дагы, “досу” үчүн агитацияны активдүү жүргүзүп, мыйзам талапкерлерди сүрөөгө жол бербесе дагы, мыйзамдын жобосун түздөн- түз бузуп, досунун президенттик тактыга отурушуна Алмазбек Шаршенович, Иса Өмүркулов, Дүйшөнбек Зилалиев баш болушкан административдик топ салым кошту.

Тилекке каршы акыркы мезгилдерде айтылган сөздөргө көп маани берилбей, сөз эрежеси бузулуп, сөздүн баркы кетип, баягы эле, кыргыз байдын көп макалынан (80 миңге жакын) биринде: “Ойлонбой айтылган сөз, от менен ойногонго барабар” окшогонсуп бараткансыйт.

Туура “Эл оозунда элек жок” дегендей, эл эмнени айтса айта берет, эл деген эл…

Бирок, шайлоо астында, учурунда жана шайлоо өткөндөн кийин дагы негедир сөздөн сөз чыгып, кептен кеп чыгып өөрчүп бараткансыйт. Өткөн кылымдагы орус декабристтеринин лозунгасында айтылгандай: “Из искры возгорается пламя” болуп, сөз үчүн кырды бычак — ​мамиле жаралбаса эле болду!

Мисалга, президент Алмазбек Атамбаев: Таластыктар эл эмес экен, урууларынын бирин “Абыке, Көбөштүн тукумдары, Нарындыктар койго окшош экен, казак боордошторду Чыңгызхандын тукумдары, духу начар” деп айтты, ал эми кай бирлери президенттин сүйлөмдөрүн бөлүп монтаждап, каалагандай берип жатышат дегендер дагы аз эмес.

Ал эми көпчүлүгү, президент эл башчысы болуп туруп, эмоцияга алдырбай, оозуна ээ болуш керек эле, “ооздон жаңылган турбайт, октон жаңылган турат, Былжырбайды там басты” болбосо эле болду деп кейигендери мындан көп…

Президент Алмазбек Атамбаевдин 6 жыл ичинде жасаган “Великий” иштери жокко чыгарылып, ал эми Өмүрбек Бабанов казак президентинин кабыл алуусунда болгону БУУнун бийик трибунасынан айтылып, “бөйрөктөн шыйрак чыгарылып” анча мааниге татыбаган “нерсеге” дуулдаган баа берип айтылган сөзү “бир кумалак бир карын майды чиритет” болуп, калыстыкка дагы, чындыкка дагы жакындабагандай болуп калгансыйт. Чуулгандуу чууга жол салгансыйт…

Азыркы ушул мезгилдерде Өмүрбек Бабановго иш козголуптур, камалат экен деген ушак-айыңдар тынбастан жарыяланып жатат. Кимдер тараптан болуп жатса да мындай башаламандыкка түздөн-түз тукуруш түп тамырынан бери туура эмес.

Өмүрбек Бабанов жаш болсо дагы, өлкөбүздө эң күчтүү, рейтинги бийик, жылдызы жанган, керек болсо СНГда белгилүү инсандардын бири.

Канча бир тоскоолдуктар уюштурулуп, ак нерсени карага боёп, шыбаса дагы, админресурстардын болгон ыкмалары колдонулса дагы 34% добушка ээ болуунун өзү эле көп нерсени айтып тургандай сезилет.

Эгерде Өмүрбек Бабанов казак президенти Нурсултан Назарбаевдин кабыл алуусунда болбой, Бакыт Төрөбаевди премьер-министр болот деп жарыялабай, Он-Адыр айылында сөзүнө чебер болуп кемчиликтерди кетирбей, орустардын лакабында айтылгандай “Тише воды, ниже травы” принцибинде закондуу агитациясын жүргүзгөндө эли 34% добуш менен эмес, 65–70% добуш менен колдомок…

Сооронбай Шарипович, дебатта (теле) айткандай Өмүрбек Бабанов али президенттик постко эртерээк экенин, “балапан” экенин далилдеп койду.

Убагында эл башчысы Алмазбек Атамбаев кийинки боло турган президент Аида Саляновадай болсо деген сөзүн айткан, бекер айтылбагандыр…

Ким билет, трайбализмдин бут чалмасына кабылдыбы же, Елисеевдин ойлонуп табылган торуна чалындыбы 5 жылга кесилди. Аида Салянова кыргыз аялдарынын ичинен мыктысынын мыктысы, акылы тунук, элине, мекенине, жөнөкөй жарандарына күйүмдүү. Депутат катары мени кабыл алуусунун биринде: “Байке, мен эгерде президенттикке койсом колдойсузбу?”- деген суроосуна, жеке эле колдогон эмес, а жүз метрге чуркаган спринтериңиз сыяктуу сиз үчүн чуркайм деп жообумду бергенмин …

Президент Алмазбек Атамбаевддин сөзү бар, “Кудай буюрса жаңы өзгөртүлгөн Конституциянын негизинде 2018-жылдын январынан баштап Кыргызстанды алдап, долларларды жеген “Центерраны” төлөтөбүз” деген…

“Келгин” канадалыктар азыркы учурда Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүнө көз артып, жеке алтынын албай, андан башка баалуу элибиз билбеген металлдарга да көз артып жаткан учурлары.

Көйгөйлүү маселе, казак туускандарыбыз менен тил табышып, ымалага келүүбүз керек. Президент Нурсултан Назарбаев айткандай төөнүн эки өркөчүнө окшогон дүйнөдөгү эң жакын элбиз. Россия, Казакстан экономика жагына чоң таасирин тийгизе турган өлкөлөр. Алар менен араздашуунун ордуна бекем мамиледе болуу биздин утушубуз болот.

Ал эми Өзбекстан менен мамилени президентибиз Алмазбек Атамбаев жолго салып кеткен жагы бар. Мындан ары Алмазбек Атамбаев салып кеткен жол менен кетсе өлкөбүз кадимкидей мурунку кадыр-баркы менен өнүгүп өсүп, алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошулуусуна кепилдик бар. Атамбаевдин 6 жыл өлкөнү туруктуу башкарышына биринчи кезекте аялы Раиса Атамбаева шарт түзүп берди десек жаңылыштык болбойт.

Сатынды Самыкбаев,

Кыргыз Республикасынын финансы боюнча контролдоо жагынын отличниги, публицист

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: