Menu

ИИМдин ашмалтайын чыгарган алкымы чоң Абдыкаров

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеште «Ата Мекен» фракциясынын депутаты, мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров маалымат берди. Эл өкүлдөрү ИИМ эмнеге кылмышкерлер кармала электе эле, Улан Саляновдун өлүмүндө саясий себеп жок деген маалыматты тараттыңар деп жемеге алышты. Силер саясий себеп жок дегенди айтуу менен саясатташтырып жатасыңар деген депутаттар, тез арада бул кылмыштын бетин ачуу зарылдыгын айтышты. Өз кезегинде Данияр мырза саясий себеп жок дегенге «кылмышкерлер акча сураган» деп, тергөөнүн сырын ачыктап жиберди. Бирок бул «саясий себеп жок» дегенге эч кандай мотив болуп бербесин айткан эл өкүлдөрү, Данияр Абдыкаровдун шалаакалыгына нааразы болушту. Буга чейин коомчулукта Абдыкаровдун генерал чинин алганы боюнча сын-пикирлер арбын айтылган. Президент Атамбаев да «Бирөөнө туура эмес генералдык наам берип алдым окшойт» – деп айткан. Бул сөз Абдыкаровго тиешелүү айтылганын баары эле түшүнүштү. Учурда ИИМдин ашмалтайын чыгарып жаткан дал ушул Данияр экени айтылып келет. Алкымыда чоң экен…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: