Бүгүн Сооронбай Жээнбеков ант берип, президенттик кызматка расмий киришет. Инаугурацияга 450 конок чакырылган. Чакырылбай калган жогорку кызматтагы чиновниктердин жүрөктөрү түпөйүл тартып, сарсанаа болушууда. Алсак, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Мухаммедкалый Абулгазиев инаугурацияга чакырылбай калып, бушайман болуп жатканын эшиттик. Абулгазиев «мен дагы барайын» деп Икрам Илмянов менен Фарид Ниязовго айттырса, макул болбой коюшуптур. Айласы кеткенде Сооронбай Жээнбековго чыгып ыйламсыраган экен, бирок баары бир тизмеге кошпой коюшуптур. Мындан улам, «мени кодулап жатышат, кызматтан кетет окшойм» деп тааныштарына кеп салып, тамагынан аш өтпөй жатыптыр. Жакшы эле кошомат кылып чуркап жүргөндөй болду эле, эмнесинен жазды болду экен?.. Бир карасаң, үлкөн саясий кызматты аркалап туруп, эч бир мамлекеттик кызматта жок Ниязов менен Илмияновдун алдында сууга түшкөн чычкан кейпин кийгени чатак болуптур…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ