Menu

Жумабеков отурганда эле ээрге кыйшык отурду

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго кыйын болду. Отурганда эле ээрге кыйшык отурду дегендей болду. Буга чейин мөңгүлөрду талкалоого каршы чыгып жүргөн. Ун менен буудайдын импортуна кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча ун королдорунун мыйзам долбоорун өткөрүүдө үлкөн салым кошкон. Жогорку Кеңештин төрагасы болгондон кийин мурдагы позициясына өзү каршы чыгып, баарын тескери жасаганга аргасыз болду. Мөңгүлөрдү талкалоого макул деген добушун берди. Ун менен буудайдын импортуна кошумча нарк салыгын кайра киргизүүнү колдоду. Айтор, төрага болгонуна ай алмашпай жатып ашмалтайы чыгып калды. Дал ушундай позициясы туруксуз үчүн айтканды кылып, айдаган жакка басыш үчүн төрага болгону көрүнүп калды. Мындай темп менен кетсе, кол жоолуктай пайдаланылып,“критке” кетет окшойт.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: