Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Толкунбек Абдыгулов биринчи вице-премьер министрлик кызматынан бошотулуп, вице-премьер министр болуп дайындалды. Жарлыкка мамлекет башчы 23-ноябрда кол койду. Биринчи вице-премьерликке дайындалганына үч ай боло электе андан ылдыйыраак тепкичке түшкөн Абдыгулов 41 жашта. Ал соңку үч жылдан бери Улуггук банкты башкарып келген. Деги эле Абдыгулов отурган кызмат каргашалуу болуп калды. Бул кызматка отургандар тез эле иштен кетчү эле. Сыягы, Толкунбек мырза да алыс узабай калды окшойт. Анын үстүнө ээрге мингенинен да түшкөнү бат болуп, бир тепкич ылдый жылды. Эми таза кургуйга кулабаса болгону…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ