Menu

Баткенде жоголгон келин Бишкекте изделүүдө

Бөлүшүү:

Баткен облусунун Кара-Бак айылынын 30 жаштагы тургуну Күмүшай Шарапова 2 кызы менен дайынсыз жоголуп изделүүдө. Бул тууралуу анын күйөөсү Ж.Алымбеков маалымдаган. Анын билдиргенине караганда аялы 16-сентябрда 6 жаштагы кызы Фарида Бекмуратова менен 4 жаштагы кызы Умида Бекмуратованы алып, Бишкекке кетип калган. Кетип жатып, 10 жаштагы улуу кызына “Биз Бишкекке кеттик” – деп айтып кеткен. Кыздарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү менен өзүнүн паспорту үйүндө калганын күйөөсү маалымдаган. Анын айтымында, жоголуп жаткан аял Бишкекке алып келген таксистке да жол киресин төлөбөй, “Жол кирени азыр апам алып келип берет” – деген бойдон жок болгон. Апасын зарыгып күткөн таксист акыры тажаганда, күткөн жеринен кетүүгө аргасыз болгон. Келинди бир туугандары издеп таба алышпай, Баткен РИИБне арыз жазып кайрылышкан. Ал эми Күмүшай Шарапованын бир тууган эжеси учурда Бишкекте жашаган кара-бактык айылдаштарынан сурамжылап чыккан. Алар Күмүшайды эч көрбөгөнүн айтышкан. Күмүшай Шарапованын өзү менен кошо алып кеткен кыздарынан улуу дагы 1 кыз, 1 уулу бар.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: