Menu

Муфтий жол коопсуздугуна байланыштуу буйрук чыгарды

Бөлүшүү:

Кыргызстанда мечиттердин имамдары жана дин өкүлдөрү жол коопсуздугун сактоо багытында эл арасында насаат айта башташты.

Муфтияттын басма сөз кызматынан “Азаттык” радиосуна кабарлашкандай, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максат ажы Токтомушев бул багытта 23-ноябрда буйрук чыгарган. Ага ылайык, дин кызматкерлери кишилер менен жолукканда жана намазга эл чогулган маалда жол эрежелерин сактоо зарылдыгы, адам өмүрү ыйык экени боюнча сабак өтүшөт. Мындай буйрук чыгарууга Кыргызстанда соңку жылдары адам өмүрүн алган жол кырсыктары көбөйгөнү негиз болгон.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, кайтыш болгондордун саны 700гө чукулдады. Жарадар болгондордун саны 8 миңге жакын.

2016-жылы 6 миңге чукул жол кырсыгынан 900дөн ашуун киши өмүрү менен кош айтышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: