Menu

Казакстан менен Өзбекстан аскер жана энергетика тармагында кызматташууну өркүндөтөт

Бөлүшүү:

Аскердик техника жана энергетика тармагында кызматташууну активдештирүү маселеси 24-ноябрда Ташкентте өткөн өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагаларынын жолугушуусу учурунда талкууланды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Жолугушууда Өзбекстандын биринчи вице-премьери Ачилбай Раматов эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 30% – 2 миллиард долларга чейин көбөйгөнүн билдирди.

«2019-2020-жылдарга чейин аны 5 миллиард долларга чейин көбөйтүүнү пландап жатабыз. Мунун үстүндө иштейбиз, бул үчүн бизде фундамент бар. Бардык тоскоолдуктар дээрлик жоюлду», – деди ал.

Раматов кызматташуунун приоритеттүү багыттары катары транспорт, машина куруу, айыл чарба жана аскер өнөр жайын атады.

Казакстандын биринчи вице-премьери Аскар Мамин Өзбекстандын куралдуу күчтөрү үчүн түндө көрө турган оптикалык жабдууларды жөнөтүү боюнча келишимге кол коюлганын айтты.

Мамин энергетикалык тармакта, анын ичинде мунай заттарын Орусиядан Казакстан аркылуу Өзбекстанга ташуу маселесиндеги кызматташууга өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи.

Быйыл августта Казакстан менен Өзбекстан биринчи жолу аскердик кызматташуу боюнча эки тараптуу келишимге кол коюшкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: