Menu

Шайлообекти шыбабагыла!

Бөлүшүү:

Кээ бирлери Анатай Өмүркановдуку туура десе, кээ бирөөлөрү Шайлообек Дүйшеевди колдоп жатышат. Мындай учурда биз дагы калемгер катары четте калбай, өз пикирибизди айтууну чечтик.

Союз мезгилинен бери бийлик башындагы былык-чылыктарды тайманбай ашкерелеп ырдап келе жаткан Шайлообек Дүйшеев эми кошоматчы акынга айланып кеттиби? Жок! Андай болууга мүмкүн эмес. Чындыкты айта коеом деп жатып алысты көрө албаган айрым сынчы-сөрөйлөрдүн тепкисине кабылып олтурат.

Ырас, бийликтин жаман жагын да, жакшы жагын да айтышыбыз керек. Бирок, жакшы жагын айткан адам эле кошоматчы болуп эсептелип калчу болбодубу. Бийликти жамандаган адам атайылап көө сыйпаганына карабай чындыкты айтып жаткандай сезилет. Шайлообек Дүйшеевдин жазган ырына чындап назар салып көрсөк, кошоматтын жыты да байкалбайт.

Ал эми Анатай Өмүркановчу? Бул кишини лирикалык ырларды мыкты жазган таланттуу акын катары таанычубуз. Кайран акын мөөнөтү бүтүп жаткан президентибиздин “Абыке, Көбөштүн тукумдары” деген сөзүнө арданып, ачуулуу ырын жазып жиберди каарданып. Алмазбек Шаршенович айткан ачуу чындыктын маанисин башка карапайым адамдар түшүнбөсө да ушул киши түшүнүш керек эле. Абыке, Көбөштөр… керек болсо, Таласта гана эмес, Кыргызстандын баардык аймактарында бар. “Манас” да жалгыз гана таластыктардын эмес – бардык кыргыздардын рухий кенчи, таянаар тоосу! Дастан болуп айтылып калган Манас деле, арам ойлуу Абыке, Көбөш деле бир эле кишинин балдары экени кашкайган чындык. Эпосто баяндалгандай, бир тууганыбыздын, бири-бирибиздин ийгилигибизди көрө албаганыбыз – биздин оорубуз. Намыстанып, ошол оорудан айыгып, ынтымак болмоюн алдыңкы мамлекеттердин катарына эч качан кошула албайбыз. Президенттик шайлоодон жыдып калган кайсыл бир талапкердин элдин ынтымакчылыгын бекемдемдөө жөнүндө бир да таасын ой айтпастан, “Мен Кыргызстанды алдыңкы он өлкөнүн алдына беш жылда кошом” дегени жөн гана алдоо ыкмасы. Кантип кошот? Эмне, бульдозер менен сүйрөтүп барабы? Ынтымак болсок, биримдикте болсок, коррупцияны жойсок, өзүбүз эле гүлдөгөн өлкөгө айланып кетебиз.

алким, Анатай акедеги таарынычтын төркүнү башка жакта болуп жүрбөсүн? Шайлоо алдындагы теледебаттардын биринде ал киши президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун арт жагында кол чаап олтурбады беле. Демек… Эми калган сөздү айтпасак деле түшүнүктүү болгондур.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: