Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети ЕАЭБ курамына кирген мамлекеттердин бажы иштери боюнча өз ара мамилелерин жөнгө сала турган «2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.
Өкмөттүн маалыматына караганда, ЕАЭБдин Бажы кодекси анын курамындагы өлкөлөр ортосундагы соода-сатык мамилелеринин өнүгүшүнө түрткү берет. «ЕАЭБдин Бажы кодексинин жоболору эл аралык соода мамилелерине кайчы келбейт. Ал ЕАБ мамлекеттеринин бажы мамилелерин жөнгө салып, соода жүргүзүү мамилелеринин мүмкүнчүлүгүн кеӊейтет. Анын алкагында электрондук «бирдиктүү терезе» усулунун киргизилиши кагаз түрүндөгү документтерден арылтып, ишти кыйла жеӊилдетет», – дейт экономика министри Артем Новиков.
Депутат Аскарбек Шадиев баштаган бир катар эл өкүлдөрү Бажы кодексинин товарларды башка өлкө чегине өткөрүү, чек аралардагы тыгындардан арылтуу жүрүмүнө тийгизе турган таасирине кызыгышты. «ЕАЭБдин Бажы кодекси чек арадагы бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт. Мындайча айтканда, сунушталып жаткан чек ара тыгындарын чечүүнүн ыӊгайлуу механизмдеринин бири болуп саналат. Азыр чек арадан товар өткөрүү мөөнөтү 2 сутка болсо, ал 4 саатка чейин кыскарат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ