Экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына барууну өзүнө ылайык көрбөгөнүн, 25-ноябрда “Азаттык” радиосуна курган маегинде айтты. Ал мурдагы бийликке каршы турган санаалаштары азыр темир тор артында отурганын, мындай учурда Жээнбековдун ант берүү аземине барганы туура эмес болуп калаарын белгилеп: «Атамбаев болобу же Жээнбеков болобу, биздин далыбыздан басып өтүп, бүгүнкү бийликке келген адамдар. Эгер мен ошол жерге барсам өзүмдү ыңгайсыз сезмекмин. Кайсы арыма барып жыргап отурмак элем?» – деп агынан жарылды. Роза айым катуу таарынган экен. Текебаевдин камалышына ичи ачышканын жашырган жок. Кыскасы, Жээнбековдун президент болушуна анчейин көңүлү толбогонун билдириптир.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ