Канат Жумагазиев Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелуу жарлыкка өкмөт башчы Сапар Исаков кол койду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Канат Жумагазиев ички иштер органдарындагы ишмердүүлүгүн 1997-жылы баштаган. Андан бери ал көптөгөн жетекчилик кызматтарда иштеп, көптөгөн мекемелик сыйлыктарга татыган. Канат Жумагазиев 2016-жылдан 2017-жылдын ноябрь айына чейин Чуй облусунун ички иштер башкармалыгын жетектеп келген.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ