Menu

Каныбек Туманбаев тууралуу ушак сөздөрдү жарыялап, аны элге жек көрсөткүсү келип жаткандар көбөйдү

Бөлүшүү:

Кыргызда жакшы макал бар “Көк ит көрүп үрөт, көп ит көрбөй үрөт” деген. Ошол макалда туу туткан адамдар эч нерседен маалыматы жок “көп ит” сыяктуу эч нерсени аңдабай туруп үргөнгө өтүп алышты. Жакындан бери ишкерлик кылып көпчүлүккө жардамын аябай, эл көзүнө көрүнүп калган Каныбек Туманбаев тууралуу ар кандай ушак сөздөрдү коомчулукка жарыялап, аны элге жек көрсөткүсү келип жаткандар көбөйдү. Алар Каныбек Туманбаев Икрам Илмияновдун жандай кишиси, өкүл баласы дегенден башка эч нерсе таппай, Илмияновго жармаштырууга катуу аракет кылып жатышат. Каныбек Туманбаевди жакындан билгендер бул маалыматка ичин эмес, башка жагын тырмап күлүүдө. Анткени, Икрам Илмиянов эч качан Каныбек Туманбаевдин өкүл атасы болгон эмес. Ал Икрам Илмияновсуз эле ишкерлигин жүргүзүп, өз маңдай тери менен азыркы деңгээлге чыга алган. Эгер Туманбаев чын эле Илмияновдун өкүл баласы, жан кишиси болсо неге өткөн парламенттик шайлоодо КСДПнын тизмесинде 66-орунда турбастан, жок дегенде жыйырмалыкка кирип, азыр парламентте бакйып депутат болуп олтурмак. Каныбек Туманбаевди кимдир бирөө мамлекеттин казынасына кол салып, ошондон акча жасаган деп айта алабы? Же Туманбаев мамлекеттик тендерлерге катышып, кээ бир аткаминерлерге окшоп ошол жактан тыйын жасаганын уккан жан барбы? Туманбаев бир күн да мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Бир да жолу Өкмөт өткөргөн тендерлерге катышпаган. Анан кантип аны бирөөнүн эсебинен тыйын жасап жүрөт деп айтууга ооз барсын?! Мындай маалыматты Каныбек Туманбаев аксылык туугандарына колнунан келген жардамын берип, элдин колдоосуна ээ болуп баратканын көралбаган шоркелдейлер чыгарып жатканы белгилүү болуп жатат. “Аксы коому” деген аксылыктар уюштурган коом бар. Маалыматты ошол “Аксы коомунун” атынан берип жатканы аксылыктарды иренжитти. “Аксы коомуна” шек келтирбей, айта турган сөзү, далили бар болсо, коомдун атына жашырынбастан жеке өзүнүн атынан айтып чыкпайбы ошол кумалак. Кумалак бир гана өзүн эмес, бүтүндөй коомду иритип жатканы өкүнүчтүү. Бирөөнүн эл үчүн жасаган эмгегик көргүсү келбегендер, эл үчүн эмес, жеке өзүнүн үй-бүлөсүнө жарытылуу кам көрө алышты бекен? Короосуна мыктап туалет курушту бекен ошол эргулдар?

Каныбек Туманбаев кадр саясатын чечкен өлкөдөгү таасирдүү адам кылып көрсөтүп ийишиптир. Айтканы келсин, ылайым эле Каныбек Туманбаев өзүнөн башканы көргүсү келбегендер сөз кылгандай таасирдүү фигурага айланып, өзүнө окшоп элдин эсебинен тыйын уурдабагандарды бийликке жетелесин. Ким ушул кызматка Каныбек Туманбаев алып келген деп айта алат? Ушул адамды Туманбаев кызматка орноштуруптур деп бирөө ишенимдүү айта алабы? Бир да жан антип айта албайт. Себеби, Каныбек Туманбаев өзүнүн ишкерлигин жүргүзгөндөн башка мамлекеттик ишке аралашкан да эмес.

Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле дегендей, айтылбай жүргөн кеп учуру келгенде айтылып жатат. Туманбаевди балдарын сыздатып, алимент төлөбөй качып жүрөт деген сөзгө жооп иретинде анын балдар үчүн көргөн камкордугун айтпаса учуру кетип калчудай болуп турат. Учуру келип турганда шылтоо менен Туманбаевдин жасаган ишин коомчулукка айтып коёлу да. Бул тууралуу өзү эч кимге мактанып, көкүрөк каккан да эмес. Каныбектей жетим балдарга кам көргөн азаматтар бул жарыкчылыкта ылайым көп эле болсун. Ал өзү да жетим өсүп, турмуштун сыноосун башынан өткөргөн жигит. Балдарына мыйзамдуу алимент төлөбөй качып жүрөт дегендер, Каныбектин канча баласы бар экенин, аларды ким карап жатканын, канча акча төлөбөй качып жүргөнүн тактап жазып койсо эл ишенмек, курулай сөздөр менен урдура бербестен. Туманбаев өз балдары менен кошо ушул тапта кароосуз калган, ата-энеси таштап кеткен 37 жетим кызды өз камкордугуна алып, тарбиялап жаткан учуру. Ушул адам кантип балдарын таштай качсын? 37 жетим кыздын эң кичүүсү бир жарым жашта болсо, улуусу төрт жашта. Туманбаев жетимдер билим алып, турмуштан өз ордун тапса деген максат коюп алган. Каныбектин бул эмгегин саналуу эле адамдар билбесе, көпчүлүккө жарыя да кылган эмес. Мындан сырткары Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда медресе бар. Ошол жерде тарбия алып жаткан балдарга күн сайын нан менен май жеткирип берүүнү Каныбек мойнуна алган. Аксы районундагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүндө 160 орундуу бала бакчанын үстү жабылып жатат. Бул бала бакча да жакынкы мезгилдерде колдонууга берилет. Кербенде болсо 160 орундуу бала бакчаны бүтүрүп, ишке берип койду. Бул иштерин “балдарына алимент төлөбөй качып жүрөт” дегендер неге коомчулукка жарыялап, жетим чоңоюп элдин керегине жарап жаткан азаматыбыз бар деп мактана албайт. Анткени, алар Туманбаев элге жакын болуп кетти, эртең шайлоодо эл аны ээрчип кетет деп коркот. Бул Каныбектин эли үчүн жасаган иштеринин чети гана.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: