Menu

Кыйноо менен айыпталган үч милиция кызматкери  жазаланды

Бөлүшүү:

Кыйноо менен айыпталган үч милиция кызматкерлеринин жазык иш боюнча жергиликтүү соттордун өкүмдөрү күчүндө калтырылды. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы ачык соттук отурумда Нарын шаардык сотунун 2017-жылдын 5-июлундагы жана Нарын областтык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 17-августундагы өкүмдөрүнө карата тараптардын көзөмөл даттанууларынын негизинде кыйноо менен айыпталган үч милиция кызматкеринин  жазык иши каралды.

Соттолгон Ш.Б. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 305-1-ст. 2-б. 1-п. жана 166-ст. 4-б. 3-п. боюнча күнөөлүү деп табылып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 305-1-ст. 2-б. 1-п. боюнча үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 7 (жети) жылга эркиндигинен ажыратылды, ал эми Кыргыз Республикасынын КЖКнин 166-ст. 4-б. 3-п. боюнча үй-мүлкүн конфискациялоо менен 5 (беш) жылга эркиндигинен ажыратылды.

Кыргыз Республикасынын КЖКнин 59-ст. негизинде белгиленген жазалар жарым-жартылай кошулуп, биротоло үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 8 (сегиз) жылга эркиндигинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленди.

Соттолгон К.Б. жана О.К.  Кыргыз Республикасынын КЖКнин 305-1-ст. 2-б. 1-п. боюнча күнөөлүү деп табылып, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 7 (жети) жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү көрсөтүлгөн.

Маалымат иретинде: 4-май 2016-жылы саат 01:00 чамасында Ат-Башы РИИБнө алынып келген жабырлануучу Ж.Ж., Ат-Башы районунун тургуну К.М. арызында көрсөтүлгөн бир баш эшекти уурдагандыгын жана аны сойгондугун мойнуна алдыруу максатында Ат-Башы РИИБнин милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Б.К. жана кылмыш иликтөө ага ыкчам өкүлү О.К. менен биргеликте уруп-сабап, кыйнашкан.

Соттук-медициналык экспертизанын 8-май 2016-жылдагы №152-корутундусуна ылайык, жабырлануучу Ж.Ж. ден-соолуктун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келбеген жеңил жаракат алган.

Ошондой эле, Ш.Б. 4-май 2016 -жылы саат 18:00 чамасында жабырлануучу Ж.Ж. жасабаган кылмышын мойнуна алдыртып кыйнап бүткөндөн кийин, жабырлануучу Ж.Ж. бир тууган байкеси У.Ж., достору А.О. жана К.О. өзүнүн кызматтык кабинетине чакыртып, ал жерден Ж.Ж., А.О. жана К.О. мыйзамда көрсөтүлгөн өзүнүн ыйгарым укуктарына кирбегендигине карабастан, алдоо жолу менен алардан акча алуу максатын көздөп, кылмыш иш козгоп, камап саламын деп коркутуп, эки сааттын ичинде 120 000 сом пара алып келишсе, кылмыш жоопкерчилигине тартпай бошотуп жиберээрин айткан.

Андан кийин, 7-май 2016-жылы саат 11:00 чамасында Кыргыз Республикасынын МУККнин Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш- аракеттеринин натыйжасында, Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын мал базарынын жанынан Ш.Б., жабырлануучу А.О. люминесценттик зат менен белгиленген, мурда макулдашылган 120 000 сом акча каражатын пара алган жеринен ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 97

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: