Самарканд облустук администрациясынын басма сөз кызматы аймакта кыздардын жапырт гинекологдун текшерүүсүнөн өткөнү тууралуу кабарды четке какты.
«Биздин менталитетти эске алганда, ата-энелер буга макул болушат деп ойлойсуңарбы? Кандай максатта мындай маалыматты таратышканын билбейм, бирок бул чындыкка такыр коошпойт», –деди администрациянын маалымат катчысы Нуриддин Болиев.
Буга чейин Самарканд облусундагы мектептердин жогорку класста окуган кыздары менен колледждердин студенттери жапырт түрдө гинекологдун кароосуна жөнөтүлүп жатканы тууралуу маалыматтар тараган.
Бул иш-чара жыныстык жашоону эрте баштаган кыздарды аныктоо жана кош бойлуулукка байланыштуу суициддин алдын алуу максатында жүргүзүлгөнү кабарланган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ