Menu

Чүй облусунун аймагында мал уурулук менен алектенген жарандар кармалды

Бөлүшүү:

Милиция кызматкерлери тарабынан уюштурулган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде Чүй облусунда “Мал ууру” рейди жүргүзүлүп, мал уурдоого шектүү жарандар кармалган. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы биилдирет.

2017-жылдын 19-июнь күнү Кемин РИИБге арыз менен О.А. аттуу 28 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, 18-күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Боролдой айылында жайгашкан үйүнүн короосунан 1 баш ири мүйүздүү малын уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесине (мал уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда аталган кылмыш ишине шектүү катары Токмок шаарынын Ш.К. аттуу жашоочусун кармашкан.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери уланууда.

Ошондой эле, ушул жылдын 11-ноябрь күнү Сокулук райондук милиция кызматкерлерине Төш-Булак айылынын 42 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылып, 5-ноябрь күнү үйүнөн 2 баш малын белгисиз адамдар  уурдап кетишкендигин билдирген.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн иш-чаралардын негизинде мал уурдоого шектелип 47 жаштагы Т.М. аттуу жаран кармалган.

Кармалган жаран Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Ал эми 1-сентябрь күнү Жайыл РИИБге Талас облусунун 48 жаштагы Д.К. аттуу тургунунан арыз келип түшкөн. 2017-жылдын август айында Суусамыр айылында жайгашкан жайыттан 7 баш малын белгисиз адамдар уурдап кетишкен.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесине (мал уурдоо) ылайык кылмыш иши козголуп, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө Москва районунун 35 жаштагы Ч.Д. аттуу тургуну кармалган.

Шектүү Жайыл РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Андан сырткары, тергөө учурунда кармалган жаран Жайыл районунун аймагында башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы аныкталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: