Menu

Рим папасы Франциск Мьянманын лидери менен жолукту

Бөлүшүү:

Рим папасы Франциск Мьянманын жарандык лидери Аун Сан Су Чжи менен сүйлөштү. Дүйнөлүк агенттиктер Ватикан башчысынын ири качкындар каатчылыгынын биринин аймагына барышы — анын сапарынын эң оор учуру экенин белгилешүүдө.

Су Чжи менен жолуккандан кийин Рим папасы Мьянманын жашоочуларына кайрылды. Өз сөзүндө ал өлкөнүн келечеги “ар бир этностун” укуктарын урматтоодон көз каранды болорун эскертти. Папа Франциск билдирүүсүндө рохинжа мусулмандарын атабаганы менен өз чакырыгы аркылуу аларга кыйыр түрдө колдоо көргөзгөндөй болду.

Ватикан башчысы Мьянмада адамдардын «жарандык жаңжалдар менен аскердик аракеттерден дале жабыркап жатканына» өкүнүүсүн билдирди. Ал Мьянманы өз үйү катары эсептеген ар бир жаранга негизги адам укуктары кепилдениши керектигин айтты.

Негизинен буддисттер жашаган Мьянмада «рохинжа» сөзүн эл алдында айтууга тыюу салынган. Мусулман азчылыгына жарандык берүүдөн баш тартышып, аларды мыйзамсыз «бенгал» иммигранттары катары эсептеп келишет.

Быйыл августтан бери 620 миңдей өкүлү Мьянмадан Бангладешке качууга аргасыз болгон рохинжа мусулмандарын Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы буга чейин бир нече ирет коргогон болчу. БУУ менен АКШнын расмий өкүлдөрү рохинжа мусулмандары туш болгон кырдаалды “этностук тазалоо” катары мүнөздөшкөн.

Соңку кризис августта рохинжа козголоңчулары Ракхайн штатында полиция бөлүмүнө кол салгандан кийин башталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: