Menu

Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Россияга учуп келди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, россиялык тараптын чакыруусу менен Россия Федерациясына  алгачкы чет элдик сапарына учуп келди. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысы  Россия  Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Тараптар кыргыз-россиялык  эки тараптуу  кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле  Евразиялык мейкиндикте интеграциялык бирикменин алкагында  өз ара аракеттенишүү маселелерин талкуулайт.

Иш сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков  Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен дагы жолугушат.

Андан ары Президент Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапары менен Беларусь Республикасына барып, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: