КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаменти өзгөчө кырдаалдардан коргоочу жана башка ар кандай инженердик курулмаларды куруу боюнча республикабыздын Талас, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарында иш алып барат. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
2011-2017-жылдары Департамент Республикабыздын түндүк региондорунда калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча чоң көлөмдөгү жумуш аткарды.
2011-2017-жылдар арасында Департамент тарабынан жалпы 125 объект курулуп, колдонууга берилди.
Жыйынтыгында16875 метр дамба, 380 метр шпора,15913 метр сел өткөрүүчү канал жана 9 көпүрө курулду.
Анын натыйжасында 8038 турак үй, 834,7 га айдоо жери, 8 жалпы билим берүүчү мектеп, 7 чек ара мамычасы, 2 чек-ара көзөмөлдөп өткөрүү пункту, 1 көпүрө, 1 ат майдан, 1 мечит, 1 суу топтоочу насостук станция, 1 көрүстөн, 1 тарпкана (сибир жарасынын очогу), 1 спорткомплекс коргоого алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ