Чүй облусунун Аламүдүн районунда 2017-жылдын 26-ноябры күнү саат 11:34 дө Кара-Жыгач айылында “Тайота” үлгүсүндөгү мамлекеттик № 01KG 397АBD автоунаасы жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Кырсыктын кесепетинен 1 адам жабыркап, 2 адам каза болгон.
Жабыркаган аялды айдоочулар ооруканага жеткиришкен. КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары каза болгон эки адамдын жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ