Menu

Сот имараттары капиталдык ремонттон өтүүдө

Бөлүшүү:

Нарын облусундагы Кочкор, Жумгал жана Ат-Башы райондорундагы сот имараттары быйыл  капиталдык ремонттон өтүп жатышат. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Анткени, көптөн бери аталган имараттар жараксыз абалга жетип, чатырларынан тамчы агып, кыш мезгилдеринде от казандары жакшы жылыбай  кыйналып келишкен. Жогоруда аталган имараттардын ичинен Кочкор  райондук сотунун имараты гана толук капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Анда иштеп жаткан кызматкерлер таза, жарык жана жылуу имаратта иштөө бир топ эле ыңгайлуу экенин белгилешти.

Ал эми Ат-Башы райондук сотунун имаратынын чатырлары  толугу менен алмаштырылып, учурда иш бөлмөлөрүн ремонттоо кызуу жүрүп жаткандыгын, райондук соттун төрайымы Жыпара Киналиева билдирди. Анын айтымында, аталган  имаратты  жаңы жыл алдында бүткөрүү пландаштырылууда. Мындан тышкары  Жумгал райондук сотунун  имаратынын ремонт иштери 90 пайызга жакын аяктап калгандыгы белгилүү болду.

Белгилей кетүүчү жагдай, жалпы эле сот имараттарын куруу жана  ремонтко муктаждарына капиталдык оңдоп-түзөөлөр    “ 2014-2017-жылдары Кыргыз Республикасында сот тутумун өнүктүрүүнүн  ” Мамлекеттик максаттуу программасын алкагында турмушка ашырылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: