Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында кыргыз паспорту менен террордук жана башка оор кылмыштарга шектүү жаран кармалганы маалым болду. Ал жаран эки паспорттун ээси экен. Паспортунун бири Кыргызстандын жараны экенин аныктаса, экинчиси Россиянын жараны экенин далилдеген. Паспорттогу далил боюнча ал 1973-жылы Кыргызстанда туулган Абдурахмонов Саибжон Махмуджонович деген жаран экен. Кыргыз паспортун кимдер гана алган жок. Азиз Батукаев баш болгон атактуу кылмышкерлерден бери кыргыз паспортуна ээ! Кор болгон кыргыз паспорту ай!
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ