Menu

Бабановдун куттуктоосун эл кошомат катары кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргызстанга келсе эле камала турганын сезген Өмүрбек Бабановдун чет өлкөдө жатып алып, дубай салам жолдогондон башка арагасы калбады. Буга дейре «мен куландан соомун, ооруган жокмун» деп айттырса, бул жолу «Кыргызстаныбызда жаңы президент ишке киришти. Бийлик өз ыктыяры менен алмашты. Өлкөбүздө туруктуулук сакталды! Элимди дал ушул эң баалуу жетишкендигибиз менен куттуктагым келет! Сооронбай Шарипович, бүгүн сиз чоң миссияны колуңузга алдыңыз – Ал­мазбек Шаршенович Атамбаев түптөгөн тынчтык менен туруктуулук жолун улантуу. Элибизди өнүгүү жолуна багыттоо, өлкөбүздөгү демократиялык жана укуктук башаттарды күчтөнтүү эми сиздин колуңузда. Сизди президенттик кызматка расмий киришүүңүз менен куттуктайм!» – деп куттуктады. Эл арасында Өмүрбек Жээн­бековго кошомат кылып, эптеп камактан жанын арачалап калгысы келип баштады деген сындар айтылууда.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: