Menu

Кызыл-Туу айылында ачылды

Бөлүшүү:

Сузак районунун борборунан 11 чакырым алыстыкта жайгашып, 80067 калкы бар, Кызыл-Туу, Кыз-Көл, Таш-Булак жана Сузак айыл өкмөттөрүнөн сырткары 48 айылды, 36 орто мектепти, 8 бала бакчадагы  жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Мундуз айылында  милициянын аймактык бөлүмчөсү  ачылды.

Саамалыкка Жалал-Абад ОИИБнын башчысы милициянын полковниги А. Мамасейитов, Сузак районунун акими жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары, демөөрчүлөр, ИИМдин ардагерлери жана айыл аксакалдары катышты.

Аймактык милиция бөлүмчөсүн курууда ОИИБнын демилгеси менен жеринде марафон өткөрүлүп, жергиликтүү бийликтин колдоосу жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен жалпы 3 миллион сомго жакын акча каражаты жумшалган.

Аймактык милиция бөлүмүнүн ачылуусунда ОИИБнын башчысы А.Мамасейитов: Милиция кызматкерлери эл менен жана жергиликтүү бийлик органдары менен байланышты чыңдап, биргеликте иш алып баруусу элеттеги бепил турмушту камсыз кылышына өбөлгө түзөт деп өз ишеничин айтып өттү.Ошону менен бирге быйылкы жылы облус аймагында ички иштер органдарында курулуп жаткан курулуштарды да эске салды. Алсак,буга чейин ноябрь айынын башында Аксы районунун Ак-Суу айылында  милициянын аймактык  бөлүмчөсү ачылды.Мындан сырткары Атабеков, Токтогул аймактарында да курулуштар бүтөр алдында турат.

Курулушка салым кошкон жарандык коомдун өкүлдөрүнө ИИМдин “Милициянын 90 жылдык” төш белгиси жана ОИИБнын ардак грамоталары менен сыйланышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: