Menu

Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Россия Федерациясына жасаган иш сапарынын алкагында Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык бирикмелердин алкагында эки тараптуу кызматташууну, өз ара аракеттенишүүнү мындан ары тереңдетүү маселелерин, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Президент Владимир Путин Президент Сооронбай Жээнбековду Мамлекет башчысы кызматына киришүүсү менен куттуктап, эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилелериндеги жакшы динамиканы белгиледи.
“Сиз тажрыйбалуу адамсыз, акыркы кезде өлкөнүн Өкмөтүн жетектегенсиз, Россия менен Кыргызстандын өз ара аракеттенишүүсүнүн бардык саясый пландарын иштеп чыгууга түздөн-түз катышкансыз. Сиздин катышууңуз менен Кыргызстан башкы экономикалык интеграциянын толук кандуу мүчөсү болду. Мындан кийин Кыргызстандын союздун өлкөлөрү менен товар жүгүртүү сезилерлик өскөндүгү байкалууда. Ал эми эки тараптуу кызматташуубузда өткөн жылдагы бир аз төмөндөөдөн быйыл биринчи кварталда эле товар жүгүртүү 32% өскөндүгү байкалат”,- деди Владимир Путин.
Ал ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын кызматташуусу экономика тармагында дагы, коопсуздук тармагында дагы, тактап айтканда ЖККУнун алкагында мындан ары дагы улантылаарына ишенимин билдирди.
“Эртең сиз менен бирге биз ЖККУ саммитине катышабыз. Мамилелер бардык багыттар боюнча өнүгүп жатат, Мамлекет башчысы катары сиз алгачкы сапарыңызды Россияга жасаганыңыз биз үчүн жагымдуу. Сиз менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнүн мындан аркы келечеги жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуубуз тууралуу сүйлөшүүгө биздин мүмкүнчүлүгүбүз бар”, деп баса белгиледи Владимир Путин.
Президент Сооронбай Жээнбеков Президент Владимир Путинге Россия Федерациясына иш сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди
“Мен алгачкы чет элдик сапарымды Россия Федерациясына жасап жатканым абдан символикалуу. Башкача болушу мүмкүн эмес эле. Ушул кадамыбыз менен биз өз ара мамилелерди, союздаштыгыбызды жана стратегиялык өнөктөштүгүбүздү мындан ары дагы чыңдап жана бекемдөөгө чечкиндүү экендигибизди ырастайбыз”,- деп белгилеп келип, Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-россиялык мамилелерди өнүктүрүү маселелерине жеке көңүл бургандыгы үчүн Президент Владимир Путинге ыраазычылык билдирди.
Мамлекет башчысы өз кезегинде эки тараптуу мамилелерди чыңдоого бардык күч аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.
“Быйыл өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 25 жыл болду. Ушу жылдары Кыргызстан эки революцияны баштан кечирди. Кыргызстан көптөгөн сыноолордон өттү. Ал эми 2010-жылы мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алуу коркунучу туулган. Көп улуттуу Кыргызстан элинин акылмандыгынын жана сабырдуулугунун аркасында жана Алмазбек Шаршенович башында турган өлкөнүн жетекчилигинин аркасында биз кыйынчылыктарды жеңип, тынчтыкты жана стабилдүүлүктү орнотуп, өнүгүүнүн туруктуу жолуна чыга алдык. Мында Россиянын жана жеке Сиздин дагы салымыңыз бар. Кыргызстан эли Россиянын бул жардамын жана колдоосун абдан жогору баалайт ”,- деди Президент Сооронбай Жээнбеков.
Жолугушуунун акырында Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого жана биримдикти өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаев сыйлаган I даражадагы “Манас” орденин тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: