Menu

Кулуев кубаланып, ордуна мартабалуу Максат Чойбеков келсе өздүк курам колдойт!

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын Ленин РИИБнүн начальниги Мадияр Кулуев деген эргул бар. Өзүнүн аймактык участогунда иш кызып, кылмыштуулук барган сайын өсүп атса, курсагы кучак Мадияр шашпай уктап, жумушка кеч келгени, анысы аз келгенсип, эртелеп эле ар кайсы шылтоо менен майрамдап кетип калганы айтылууда. Өздүк курам да бу «самопал полковниктен» тажаптыр. Шаардык алкакта иши да жылышпай, жалкоолугу жана ыкшоолугунун айынан коллективи да жаманатты сөзгө кала баштаганы, дал ушул жаатта жогорку жетекчиликтер дагы тынчсызданып атышканы маалым болду. «Чоңдорду мен сотко берип коркутуп алам» деп былжыраганы ыраспы? Мындай «өз көмөчүнө күл тарткан», эл үчүн кыйратып эмгек кылбаган жетекчини кетирүү менен маселе чечилчүдөй болуп атат. Ооба, аз күндө Кулуевдин ишмердиги боюнча фактылар чыкканы калды. Дал ушул «пок курсак» кетсе, ордуна Токмок ШИИБнүн начальниги Максат Чойбековдун келе турганы өздүк курам ичинде тымызын айтыла баштады. Ишинде алгылыктуу жыйынтыгы бар, профессионал кызматкер катары Максат мырза орун алмашууда башкы каарман болсо, албетте, дал ушул күндөгү Ленин районундагы кризистик иштерди чечет болчу. Себеби, күн-түн дебей талыкпай иштеген билимдүү кадр. Буюрса, Кулуев куулуп, ордун мартабалуу Маке ээлесе, элге да пайдасы тийет эле.

Булак: “Азия Ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: