Menu

Зиядин Жамалдинов, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан ЖК депутаты: “Темир жол – чыгымы көп тармак дегенге ишенбейм” (Видео)

Бөлүшүү:

-Зиядин мырза, «темир жол башкармалыгы вагон боюнча туура эмес тендер өткөрдү» дедиңиз. Ал эмне болгон тендер? 

– Булар быйыл апрель айында тендерди туура эмес өткөрүшкөн. Себеби, Россиянин «Урал-вагон» ишканасынан өкүлдөр келип, арзан баадагы вагондорду сунуштаганына карабастан, жеңишти Казакстандын бир фирмасына берип коюшкан. Алардын вагон чыгарчу заводу деле жок экен. Биз ошондо эле «мунуңар болбойт, туура эмес кылдыңар» деп айтып чыктык эле. Мына бүгүн ошонун тыянагы чыгып атат. Бүгүнкү күнгө чейин убада кылган 15 вагондун бирөө да келген эмес. Кудайга шугүр, азыр Өзбекстан менен мамиле жакшырып калды. Түштүктөн цемент, көмүр, арматура чыгып атат, бирок, вагон жогунан биздин ишкерлер товарларын сыртка чыгара албай отурушат. Анын кесепетинен бюджетке канчалаган акча түшпөй жатат.

– Мурда Бишкектен Жалал-Абадга чейин поезд каттачу. Азыр ошол каттам кайра жанданса, Бишкек-Ош автожолундагы кыймыл жеңилдеп, жол кырсыктары да азаят беле?

– Туура айтасыз. Азыр жогоруда айткандай, Өзбекстан менен алака оңолуп жатат. Өзбекстан аркылуу өтчү жүргүнчүлөрдү ташуучу поездди кайра жүргүзсө болот. Мындайча айтканда, бүгүн темир жол жакшы иштебей жатат да. Аны жандантсак жүргүнчүлөрү да, жүктү да ташысак болот.

– Темир жол – чыгымы көп тармак дегенге кошуласызбы?

– Буга ишениш кыйын. Коррупциянын баары ошол жерде. Эгерде жакшы көзөмөлгө алып, иштей турган кишилерди коё турган болсо, эч качан чыгымдуу болбош керек. Дайым пайда менен жүрө турган ишкана да.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: