Menu

Анжиян акими улгайган аялдарды кайрадан тилдеди

Бөлүшүү:

«Азаттыктын» өзбек кызматына Анжияндан аудиожазма жөнөтүштү. Анда шаардын 43 жаштагы башчысы Дилмурад Рахматуллаев 18-ноябрдагы жыйында мааледеги активист аялдарды «көркоолор, алжыган аялдар, арамдар» деп тилдеген.

Аудиожазууда белгилүү болгондой, жыйын учурунда залда отурган эки аял өз ара сүйлөшүп, акимдин каарына калышкан.

​«Бул эки көркоо бул жерде эмне үчүн отурат. Картаң, көркоо бул эки айбан. Бул эки жийиркеничтүү айбан бул жерде отуруп алып, өз ара сүйлөшүп атышат. Эмне жөнүндө сүйлөшүп атышат, билбейм, айбандар. Экинчи бул жакка келбегиле. Маалеңердин башчыларынын ордуна келбегиле, эгер алар өлсө, жаназасына барам», – деген Дилмурад Рахматуллаев.

Кагуу жеген аялдардын бири – 40 жылдан ашуун эмгек тажрыйбасы бар педагог экени аныкталды. Экөө тең Анжиян шаарындагы маалелердин төрагаларынын кеңешчилери. «Силер билесиңер, акимдин мени тилдегени тууралуу ар кыл кеп жүрөт эми. Бул жакшы эмес. Мен аны Кудайга койдум», – деди улгайган аял.

21-ноябрда «Азаттыкка» бир ай мурда жазылган дагы бир аудиожазуу түшкөн. Анда Анжиян шаарынын башчысы Дилмурод Рахматуллаев баягы эле пахта теримге жетиштүү киши алып чыкпаган коллеждердин, академиялык лицейлердин директорлорун каарып, «айбан», «эшек», «чөө», «атаңа наалат» деп сөккөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: