Menu

Босниялык мурдагы командирдин Гаага сотунда уу ичип өлгөнү тастыкталды

Бөлүшүү:

Хорватиянын премьер-министри Андрей Пленкович босниялык хорваттардын мурдагы командачысы, генерал Слободан Пральяктын уу ичип өлгөнүн тастыктады. 29-ноябрда мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибуналдын отуруму болуп жатканда уу ичкенин айткан айыпкерлердин бири Слободан Пральяк көз жумганын Хорватиянын мамлекеттик телеканалы маалымдаган.

Маалымат жыйынында Пленкович Праляк өз жанын кыйганын билдирип, маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Гаага трибуналынын спикери Ненад Гольчевський 72 жаштагы Праляк ооруканада көз жумганын кабарлады. Анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Праляк кандай уу ичкени тууралуу маалымат азырынча жок.

Окуя кечээ, 29-ноябрда апелляциялык комиссия өз өкүмүн жарыялап жатканда болгон. Босниялык хорваттардын мурдагы командачысы, генерал Слободан Пральяк согуш кылмышкери деген аныктамага макул эмес экенин айтып, соттун көзүнчө бир нерсени ичип, “бул уу болчу” деген.

Сот алты босниялык хорваттын 2013-жылы берилген апелляциялык арызын караган. Ал генералды согуш кылмыштары үчүн 20 жылга кесүү тууралуу өкүмдү күчүндө калтырган.

Алар 1992-95-жылдардагы согуш маалында мусулмандар үчүн концлагерлер түзүшкөн деп айыпталууда. Пральяк XVI кылымда курулган Мостар көпүрөсүн талкалоого буйрук бергендиги үчүн да күнөөлүү деп табылган. Бул иш боюнча соттук териштирүү 2006-жылдан бери жүрүп келген.

Өткөн аптада босниялык сербдердин согуш учурундагы кол башчысы Ратко Младич өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: