Menu

Балдардын төрөлүшү жыл сайын өсүүдө, бирок Бишкекте нормалдуу бир төрөт үйү жок – депутат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ар кандай маселелер” саатында депутат Альфия Самигуллина жогорудагыдай маселени көтөрүп чыкты. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Депутат Альфия Самигулина жалпы эле республика боюнча балдардын төрөлүүсү жыл сайын өсүп жатканын жакшы көрүнүш катары баалады. “Анткен менен борбор калаанын өзүндө нормалдуу бир төрөт үйү жок. Заманбап, бардык шарты эске алынган төрөт үйү зарыл. Мындай төрөт үйлөрү Бишкекте эле эмес, республиканын башка шаарларына дагы курулса”,- дейт.

Дүйнө жүзүндө эң чоң байлык бул эл экенин аңдап-түшүнө баштаган өлкөлөр жарандарына ар тараптуу кам көрө баштады. Ал эми Кыргызстанда адам ресурсуна кандай мамиле жасалууда. Мындай маселени көтөрүп чыккан депутат Осмонбек Артыкбаев адам ресурстарын өлкөнүн өсүп-өнүгүүсүнө багыттай алып жатабызбы деген суроо койду. Эл өкүлү мамлекет жарандарга баардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, алардын потенциалын туура пайдаланууга маани берүү керектигин Өкмөткө багыттады.

Бүгүнкү күндө жүрөк тешикчеси менен төрөлгөн балдардын саны өсүүдө. Балдар дарты менен кыйналса, баласынын дарты менен кыйналган ата-энелер бир топ. Депутат Сайдолимжан Жураев Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкө боюнча мындай балдарды аныктап, аларга операция жасоо чыгымдарын эсептеп чыгып, тиешелүү каражатты мамлекет табышы керек деген пикири менен бөлүштү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: