Реконструктивдүү жана калыбына келтирүү хирургиясынын директору Эрнст Акрамов «мамлекет дарыгерлерди пара алууга түртүп жатат. Айрымдар 4 миң сомдон 7 миң сомго чейин маяна алышат. Бул акчага жашоо мүмкүн эмес да! Мамлекет өзү дарыгерлерди пара алууга мажбурлап жатат. Мисалы, сен үй-бүлө ээси катары үйгө 5-6 миң сом алып келдиң. Жубайың эмне дейт? «Жоголчу көзүмө көрүнбөй» дейт да. Туура айтат. Анткени үйдүн акчасын төлөш керек, тамак ичиш керек, кийиниш керек, мектепке акча төлөш керек. Мен өмүр бою арзыбаган акчага иштедим. Мындай болбойт. Биз болгон аракетибизди, күчүбүздү жумшап, ал үчүн болбогон акча алабыз» деп белгиледи.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ