Самат Эмилбеков Сербиянын Белград шаарында өткөн эрежесиз эр уруштун ММА эрежеси боюнча дүйнө чемпиону наамын тастыктай турган кемер курду багынтты. Бул боюнча Бүткүл дүйнөлүк Кулатуу федерациясынын вице-президенти Эмил Токтогонов жеринен бизге кабарлады. Анын айтымында, чемпиондук титул боюнча Саматка Өзбекстандык Каламахунов чыгып, биздин мушкер жарым мүнөт убагында жерге жыга чаап, андан кийин кулак түпкө эки-үч жолу таамай сокку ургандын натыйжасында техникалык нокаутка тушуккан. Ушул мелдештен кийин ММАнын беделди аныктоо тизмегинде Эмилбеков 11-орунга көтөрүлгөн.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ