Menu

Иса Өмүркулов: “Азыр парламентти таратканга эч негиз жок”

Бөлүшүү:

– Республикалык бюджет 21 миллиард дефицит менен кабыл алынып жатат. Ошол эле учурда өкмөт «каражатка ылайык жашашыбыз керек» дейт. Бул «алыбызга карай жашайлы» деген принципке канчалык туура келет?

– Албетте, киреше жагы көп болсо жакшы да. Ошончолук чыгаша да болот. Биздин бюджет социалдык багытгалган болуп жатат да, ошон үчүн жанагындай көп маселелерге колдонсо болмок. Бүгүн докладдан уктук, дефициттерди жабууга булактар бар. Ошон үчүн тартыштыктан коркуунун кереги жок.

– Акыркы кездерде «парламент тарайт экен» деген сөздөр күч ала баштады. Буга канчалык негиз бар?

– Кыргызстан өзүнүн жаңы тарыхында жакшы бир жолго түштү. Алты жыл иштеген соң президент өз ыктыяры менен, Конституцияга ылайык кызматын тапшырып кетти. Жаңы президент шайланды. Парламентти беш жылга шайлаганбыз. Эмне үчүн аны кубалаш керек? Эмне үчүн кетириш керек? Парламент да беш жылдан кийин, мөөнөтү бүткөндө кеткени туура болот. Азыр парламентти таратканга эмне негиз бар? Эч негиз жок. Кайта эле башаламандык, ызы-чуу башталат. Анан жаңы парламенттик шайлоо болсо бюджетке да зыяны бар да.

– Кызыкдар кишилер болсочу?

– Болушу мүмкүн эми… Бир ызы-чуу болуп турса, талаш-тартыш болуп турса деп, ошондон кумар алгандардын ой-пикири болушу мүмкүн.

– Сиз өзүңүз кандай деп ойлойсуз, парламент тарайбы?

– Кетпейт.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: