Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 29-ноябрда россиялык тараптын чакыруусу боюнча өзүнүн алгачкы чет элдик сапары менен Россия Федерациясына барды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен, Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ошондой эле Президент КВН эл аралык союзунун президенти Александр Масляков менен жолугушуп, ага Кыргызстан менен Россиянын элдеринин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон чоң салымы, көп жылдык жана үзүрлүү чыгармачыл ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын «Достук» орденин тапшырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ