Menu

“Токолчулардын” топ башын Чубак ажы баштап бердиби?

Бөлүшүү:

Кош никелүүлүк же эркектердин эки аял (токол) алуусу тээ Акаев, Бакиев заманында эле көтөрүлүп келаткан менен тиешелүү мыйзам кабыл алынып, мырзалардын “жолу ачылбай” келатат. Ал тургай К.Бакиевдин тушунда юстиция министри М.Кайыпов бул маселени мыйзамдаштыра коём деп коомчулукту бир топ дүрбөтүп барып токтогон. Айрымдар аны “патрону” үчүн жасалган аракет катары баалашкан. Анткени кийин К.Бакиевдин экинчи (жаш) аялы бар экендиги тууралуу имиш ал 2010-жылдан кийин Минскиге качканда далилденген. Кош никелүүлүктү азыр журналист Назира Бегим көтөрүп, бирок колдогондор да, каршы чыккандар да болууда. Айрымдар бул жагдайды көпчүлүк турмушка чыга албай, чет элдиктерге “олжолонуп” кетип жаткан кыздарыбызды кармап калуу сыяктуу социалдык көйгөйгө такашууда. Анткен менен байлар менен чиновниктер эбак эле эки, үч жаш аял алышып, аларды көмүскөдө кармап келишет. Ал эми ушул жумада айтылуу дин аалымы Чубак ажы жакында жаш аял алгандыгын өзү жарыя кылды. “Мен күйөөсүнүн көзү өтүп кетип, Түркияда бала багып жүргөн бир жесир келинге үйлөндүм. Аны жашырбай эле “калыңсыз кыз болсо да, каадасыз болбойт”,- демекчи, ата-энесинин алдынан өттүм. Албетте, аялым бир аз капа болуп жатат, анткен менен көнүп кетет деп ойлоймун…”,- деди ал. Ошентип белгилүү дин аалымы көптөн бери башы ачылбай келаткан маселени ачыкка чыгарып, эркектердин “жолун ачып берди”…

Булак: “Майдан.kg” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: