Menu

Милиция Чубак ажынын билдирүүсүн текшерүүдө

Бөлүшүү:

Укук коргоо органдары Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алгандыгы жана көп аял алуу чакырыктары тууралуу билдирүүсүн текшерүүдө.

ИИМден көп аял алуу тууралуу мыйзамдын бузулган-бузулбагандыгы текшерилип, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин билдиришти. Кылмыш кодексинин 153-беренесинде бул үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Бир канча күн мурда Чубак ажы Жалилов Youtube баракчасы аркылуу экинчи аял алганын билдирген. Айтымында, ал өлкө мыйзамдарын сактоого аракет кылат. «Мыйзам боюнча эки же андан көп аял алып, алар менен бир үйдө жашап, жалпы чарба жүргүзүү үчүн жаза каралгандыр. Бирок өзүнчө жашоого тыюу жок. Адамдар ойноштору же башка аялдар менен жашап жатышат. Чогуу жашоо же жарандык нике үчүн мыйзамда жаза каралган эмес», – деген ал.

Жалилов ошондой эле мүмкүнчүлүгү бар башка эркектерди дагы экинчи аял алууга үндөгөн.

Депутаттар Аида Касымалиева менен Эльвира Сурабалдиева парламент жыйынында ИИМге жана Башкы прокуратурага кайрылып, ажынын билдирүүсүндө мыйзам бузуу болгон-болбогонун текшерүүнү өтүнүшкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: