Menu

Министр Мурашев кызматтык машинасын тейлөөгө жылына 850 миң сом коротот

Бөлүшүү:

Жумурай журтка чеке жылытарлык иши менен эмес, зөөкүрдүгү менен таанылган Нурбек Мурашев деген эргул фракциялык саясаттан пайдаланып, айыл-чарба министрлигине келген. Бир жылдан бери аталган тармакты жыргаткан жок. Жай аптабында кабинетинен чыкпай чалкалап, желдеткичтин алдында жатты. Негизи айыл-чарбасын тейлеген соң дыйкандар менен жарыша чуркап, күнгө какталышы керек эле да. Жок эле дегенде жеринен кабар алып, дыйкандар эмнени тигип жатканын көзү менен көрүшү зарыл болчу. Тилекке каршы, көк желкесин кат кабаты менен май баскан министр талаа-түзгө чыкпады. Бирок, кызматтык унаасын өкүртө миниптир, каякка барганын так айта албайбыз. Дыйкандарды кыдырбаган, жатып ичээр министрдин унаасын тейлөө үчүн бир жылда мамлекеттин эсебинен 840 миң сом короптур. Эмне деген каражат?! Министрдин минген машинеси эле мыйзам алкагында 1 миллионду сугунуп жатса, мамлекетибиз кантип өнүгөт? Мындай министрдин мурдун талкалап, дароо көчүккө тебиш керек да. Тиешелүү органдар эмнени карап отурат?..

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: